Кордайда жол кырсыгында көз жумган өзбек жарандарынын сөөгү мекенине жеткирилди

© Sputnik / Сергей Ким / Медиабанкка өтүүЦветы и свеча. Архивное фото
Цветы и свеча. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстанда 20-апрелде Алматы — Ташкент каттамында эл ташыган автобус аласалып кетип, 11 киши көз жумган.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Казакстандын Кордай районунда болгон жол кырсыгында көз жумган үч өзбекстандыктын сөөгү 22-апрель күнү мекенине жеткирилди. Бул тууралуу Өзбекстан ТИМине шилтеме берип Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Трагедия Казакстанда 20-апрелде Алматы — Ташкент каттамында болгон. Анда эл ташыган автобус аласалып кетип, 11 киши көз жумган. Кырсыктан 30 кишинин жаракат алганы дагы айтылган.

"Каргашадан каза болгондордун туугандары сөөктөрдү тааныгандан соң үчөө Өзбекстанга жөнөтүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кырсыктан кийин жабырлануучуларга жардам көрсөтүү жана өлгөндөрдүн сөөгүн мекенине алып келүү боюнча өкмөттүк комиссия түзүүнү тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0