ЖМК: Назарбаев "Нур Отан" партиясынын жыйынында жашып кетти

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКазакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев. Архив
Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Нур Отан" партиясы кезексиз жыйынга чогулду.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев "Нур Отан" партиясынын кезексиз жыйыны жыйынтыкталып жаткан салтанатта жашып кетти. Бул тууралуу казак ЖМКлары жазып чыкты.

Ал эми Sputnik Казакстан агенттиги Назарбаев жыйында отставкага кантип даярданганы тууралуу оюн ачык айтканын билдирди.

"Отуз жыл... Мен отуруп, ар нерсени угуп алдыдагы белгисиз болуп жаткан нерселер тууралуу ойлонгом... Мына ошол чыдамкайлык үчүн мени ушунча жыл мамлекет башчысы кылып келишти, ыраазымын. Эгер ушунча жыл ичинде элдин ишенимин актап бир нерсе жасаган болсом, мен бактылуу кишимин, бактылуу саясатчымын. Андыктан бардыгын ойлонуп туруп чечим кабыл алгам. Мындай чечимдер бир күн же бир айда кабыл алынбайт. Ага бир нече жыл даярдандым. Сырды ача турган болсом — үч жыл", — деди Назарбаев.

Казакстандын биринчи президенти ошондой эле Касым-Жомарт Токаевди мураскер катары калтыруу туура чечим болгонун айтып, аны президент кылып шайлоого жана колдоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0