Мирзиёев кыздардын эрте турмушка чыгышына тыюу салды

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүЖубайлар. Архив
Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин кыздарга 17 жашка чыкканда эле турмушка чыгууга уруксат берилчү.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Быйылкы жылдын 1-сентябрынан тарта Өзбекстанда жашы 18ге чыга элек кыздар турмушка чыга албайт. Мындай токтомго өлкө башчы Шавкат Мирзиёев кол койгонун Sputnik Өзбекстан жазды.

Ушундай эле шарт эркектерге дагы тиешелүү. Мындан ары 18 жашка чыга элек бир дагы өзбек жараны никеге тура албайт.

Республиканын Аялдар комитетинин төрайымы Танзила Нарбаеванын айтымында, бул — жашоонун талабы.

"Өзбекстанда мурдагыдай никеге эрте тургандардын саны азайып калды. Эски көз караштагы адамдар гана кыздарын күйөөгө бойго жете элек кезде берип салбаса, көпчүлүк жаштар билим алып, жашоосун жөнгө салгандан кийин гана үй-бүлө курганды туура көрүп калды", — деди Нарбаева.

Ошондой эле өлкө бийлиги туугандар арасындагы никени дагы токтотууну көздөп жатат. Маалыматка караганда, мындай көрүнүштөр алыскы аймактарда байма-бай кездешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0