Казакстанда үйдүн балкону турган адамдар менен кошо урап түштү

© AFP / CRISTIAN HERNANDEZТурак үй. Архив
Турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үйдүн жашоочулары балконго чылым чегүүгө чыгышкан.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Казакстандын Уральск шаарында турак үйдүн балкону жашоочулары менен кошо урап түштү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Окуя 29-апрелде, дүйшөмбүгө караган түнү болгон. Анда эки киши балконго чылым чегүүгө чыкканы айтылат. Ошол маалда бетон пол урап, жашоочулар жерге кулашкан. Бактыга жараша, эч ким каза болгон эмес. Жабыркагандардын жарааты жеңил болгондуктан, ооруканага баруудан баш тартышкан.

"Биздин үйдүн балкондорунун баары авариялык абалда. Ылдыйдан карасаң бетондору урайын деп калган, плиткасы дубалга жабыштырылган эмес", — дейт кырсык болгон үйдүн тургуну Александр Цветков.

Анын айтымында, аталган имараттын өзү да авариялык абалда.

Башка жашоочулардын маалыматына караганда, имарат 1961-жылы курулган. Ошондон бери ал үй бир да жолу капиталдык ремонттон өткөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0