Казахстанские полицейские задержали протестующих оппозиции в Алматы

Нур-Султан менен Алматыда президенттик шайлоого каршы митинг өттү

403
(жаңыланган 19:20 01.05.2019)
Чогулгандарга прокуратура өкүлдөрү барып, алардын мындай кадамы мыйзамга туура келбей турганын айтышкан.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Нур-Султан жана Алматы шаарларында жүздөгөн адам президенттик шайлоону өткөрүүгө каршы митингге чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Алматы шаарында нааразычылык акциясы "Маданият жана эс алуу" улуттук паркында өтсө, Казакстандын борбору болгон Нур-Султанда митингчилер шаардык администрациянын жанына чыгышкан.

Митингдин катышуучулары келе жаткан президенттик шайлоого жана Атом электр станциясынын курулушуна каршы чогулушкан. Ошондой эле майыптыгы бар адамдарды жана көп балалуу энелерди социалдык жактан колдоону жакшыртуу талабын коюшту.

  • Казахстанские полицейские задержали протестующих оппозиции в Алматы
    Алматы шаарында жүздөгөн адам президенттик шайлоону өткөрүүгө каршы митингге чыгышты
    © AFP 2019 / RUSLAN PRYANIKOV
  • Казахстанские полицейские задержали протестующих оппозиции в Алматы
    Алматы шаарында нааразычылык акциясы "Маданият жана эс алуу" улуттук паркында өттү
    © AFP 2019 / RUSLAN PRYANIKOV
1 / 2
© AFP 2019 / RUSLAN PRYANIKOV
Алматы шаарында жүздөгөн адам президенттик шайлоону өткөрүүгө каршы митингге чыгышты

Чогулгандарга прокуратура өкүлдөрү барып, алардын мындай кадамы мыйзамга туура келбей турганын айтышкан.

Полиция кызматкерлери нааразычылык акциясынын катышуучуларын коштоп, бирок каршылык көргөзүшкөн эмес.

Буга чейин Казакстандын борбор калаасынын атын алмаштырууга каршы жана демократиялык реформаны талап кылып митингге чыккандардын ондогон катышуучусун полиция кармап кеткен.

Дүйшөмбү күнү Казакстандын башкы прокуратурасы митинг өткөрүү боюнча соцтармак жана мессенджерлердеги чакырыктардан улам жарандарга каршылык акцияга чыгуу мыйзамсыз экенин эскерткен.

403
Белгилер:
Митинг, Алматы, Нур-Султан, Казакстан
Тема боюнча
Тытып салат! Уранга каршы митингде Равшан Жээнбековду кууп чыгышты. Видео