Казакстан сулуусу сынагынын жеңүүчүсү деп павлодарлык 19 жаштагы Мадина Батык табылды

Казакстанда эң сулуу бийкеч тандалды. Сүрөт

648
(жаңыланган 11:07 03.05.2019)
2-май күнү Нур-Султанда өткөн сынакта 31 сулуу ат салышты.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. "Казакстан сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү деп павлодарлык 19 жаштагы Мадина Батык табылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

2-май күнү Нур-Султанда өткөн сынакта 31 сулуу ат салышты.

  • Участницы национального конкурса Мисс Казахстан в Нур-Султане
    "Казакстан сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү деп павлодарлык 19 жаштагы Мадина Батык табылды
    © Sputnik / Абзал Калиев
  • Участницы национального конкурса Мисс Казахстан в Нур-Султане
    2-май күнү Нур-Султанда өткөн сынакта 31 сулуу ат салышты.
    © Sputnik / Абзал Калиев
  • Победительницей национального конкурса Мисс Казахстан стала 19-летняя Мадина Батык из Павлодара
    Жеңүүчү баалуу таштар менен кооздолгон таажыдан тышкары 3 миллион теңге менен сыйланды.
    © Sputnik / Абзал Калиев
1 / 3
© Sputnik / Абзал Калиев
"Казакстан сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү деп павлодарлык 19 жаштагы Мадина Батык табылды

Жеңүүчү баалуу таштар менен кооздолгон таажыдан тышкары 3 миллион теңге менен сыйланды. Ошондой эле ал Париж шаарына жолдомо жана "Дүйнө сулуусу" сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алганы айтылат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 𝓜𝓪𝓭𝓲𝓷𝓪 𝓑𝓪𝓽𝔂𝓴 (@maadina)

Калыстык үчүн финалга чыккан беш кыздын ичинен мыктысын казакстандыктар sms-добуш берүү жолу менен тандады.

Анын жыйынтыгында "Биринчи вице-мисс" наамына алматылык Диана Абишева татыды. Экинчи орунда Надежда Недосекова, үчүнчүсү Сания Мергалиева аттуу сулуулар болду.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 𝓜𝓪𝓭𝓲𝓷𝓪 𝓑𝓪𝓽𝔂𝓴 (@maadina)

Шоу жаштар арасында популярдуу "этно-сasual" форматында өттү. Сынактын катышуучулары көчмөндөр менен азыркы казак элинин жашоо-турмушун жуурулушун чагылдырган кийим-кечектерди кийишти.

648
Белгилер:
жеңүүчү, сынак, Казакстан
Тема боюнча
Жашы өткөн сайын ачылып... Сулуулук сынагына катышкан келиндердин парады