Газ менен тормозду алмаштырып... Алматыда аялы эки ирет тебелетип алган киши көз жумду

© AFP / FAYEZ NURELDINEРазрешение на вождение авто женщинам в Саудовской Аравии
Разрешение на вождение авто женщинам в Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция жол кырсыгы кандайча болгонун иликтеп жатат.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Алматыда аял күйөөсүн тебелетип алганын, андан эркек киши каза тапканын Sputnik Казакстан жазып чыкты.

Последствия ДТП с HONDA - Sputnik Кыргызстан
Жүк ташуучу унаа менен жеңил машина кагышып, бир кыз жабыркады. Сүрөт
Окуя 10-май күнү саат 22.30дар чамасында болгон. Алдын ала маалымат боюнча аял багбанчылык менен алектенген "Алтын алма" коомуна тиешелүү үйлөрдүн биринен чыгып, Mercedes унаасын айдап кетмекчи болот.

Келиндин айтымында, ошол маалда машинанын алдында жерде отурган жолдошуна зыян келтирейин деген ою болгон эмес. Газ менен тормозду алмаштырып алган аял катуу келип, эркекти сүзүп кеткен. Аялы артка айдагандан жолдошун кайра тебелетип алган. Мындан унаанын алдыңкы бампери түшүп калган.

Эркек кишинин ооруканада көз жумганы айтылды. Учурда полиция окуянын кырсык экенин же атайылап жасалганын иликтеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0