Казакстанда эл ташыган автобус өрттөнүп кетти. Видео

© AFP / NELSON ALMEIDA Пожар на автобусе в центре города Сан-Паулу, Бразилия
Пожар на автобусе в центре города Сан-Паулу, Бразилия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул акыркы үч күн ичиндеги экинчи өрт. 9-май күнү ушул эле шаарда дагы бир коомдук транспорт күйгөн.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Петропавловск шаарында эл ташыган автобус өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Кырсык 11-май күнү болду. Саат 10.29да 101 кызматына жүргүнчүлөрдү ташыган автобус өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ПЕТРОПАВЛОВСК ❤ КАЗАХСТАН 👍 (@skopetro)

"Унаанын ичиндеги 12 киши өз алдынча чыгып кетүүгө жетишкен. Өрт өчүрүүчүлөр келген маалда автобус толугу менен жалбырттап күйүп жаткан. Саат 10.42де тилсиз жоо өчүрүлдү", — деп айтылат бидирүүдө.

Жыйынтыгында автобус жарактан чыкты. Бактыга жараша, жабыркагандар болгон жок. Алдын ала маалыматка караганда, өрттүн чыгышына автонун электр зымдарынын тийишүүсү себеп болгон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ПЕТРОПАВЛОВСК ❤ КАЗАХСТАН 👍 (@skopetro)

Бул акыркы үч күн ичиндеги экинчи өрт. 9-май күнү ушул эле шаарда дагы бир коомдук транспорт күйүп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0