19 жолу күйөөгө берип... Сирияда 6 жыл жашап келген казакстандык келиндин баяны

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСириядагы аял. Архивдик сүрөт
Сириядагы аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялдын жашоо шарты өтө начар эле. Ошентсе да мекенине кайтуу ниетин өлүм жазасынан коркуп эч кимге айта алган эмес.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Сирияда алты жыл жашап, мекенине кайтып келген казакстандык келин согуштагы турмушу тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

33 жаштагы аялдын айтымында, ал 2010-жылы диний ишенимдеги эркек кишиге турмушка чыккан. Эки жылдан кийин үй ээси иш издеп чет өлкөгө кеткен. Кайда кеткенин жубайы бир айдан соң гана билген экен.

"Түркиядан Сирияга өтүү жеңил, эч кандай тосмо жок. Анча чоң эмес конушка келдик. Бир жумадан кийин мекениме кайтарымды билдирсем, жолдошум мени эч ким кабыл албай турганын айтты", — деди келин Казакстандын ТИМинде отуруп.

В репортаже France24 о женах боевиков ИГ* показали паспорт кыргызстанки - Sputnik Кыргызстан
Согушкерлердин аялдары тууралуу репортажда кыргызстандык кыздын паспорту көрсөтүлдү
Сирияда жашаган алты жылда аял эки жолу төрөгөн. Санитардык шарттын начардыгынан биринчиси чарчап калган, ал эми экинчиси "Жусан" атайын операциясынын натыйжасында энеси менен аман-эсен Казакстанга 2019-жылдын январь айында келди.

"2017-жылы күйөөм каза болуп калды, кантип өлгөнүн деле билбейм. Ошондон тарта үйгө кайтууга аракет жасай баштадым. Жашоо шартыбыз аябай начар болчу. Казакстандагы туугандарым менен чанда гана байланышчумун. Кайтуу ниетим тууралуу айткандан коркоор элем, анткени сөзүбүз тыңшалып жаткандыктан, мени өлтүрүп коюулары мүмкүн болчу", — деп аңгемесин улантты келин.

Казакстандык аял күйөөсү өлгөн келиндер кайра турмушка чыгарын айтып берди. Алты жыл ичинде 19 ирет күйөөгө тийген аялдарды көргөн...

"Жолдошу өлгөн аялга 4 ай 10 күн убакыт берилет. Ушул күндү күтүшөт. Качан ал мөөнөт өткөндөн кийин ар кандай эркектер келип, үйлөнүү үчүн аялдарды көрүшөт. Ага чейин күйөөсү каза тапкан келиндерди көп аял жашаган үйгө алып келип коюшат. Ал жакта суу жок, тамак-аш берилбейт, караңгы. Аялдар айласы кеткенден деле күйөөгө чыга беришет", — деди ал.

Казакстанга кайтып келгенден кийин келин уулу экөө көпкө чейин ооруп, андан соң гана жаңы жашоого көнүшө башташкан. Бүгүнкү күндө экөөнүн тең абалы жакшы, жумушка орношуп иштеп жатат. Мекенине кайтууга берилген мүмкүнчүлүк үчүн абдан ыраазы.

Казакстандыктарды мекенине кайтаруу операциясы

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мекенинде теракт жасоо үчүн Сириядан келген кыргызстандык кармалды
"Жусан" деп аталган алгачкы гуманитардык операция 6-январда жүргүзүлүп, анда Сириядан 47 казакстандык жаран эвакуацияланган. Анын 30у — балдар, 11и — аялдар жана алты эркек эле.

Экинчи ирет мындай операция жетинчи жана 9-май күнү өттү. Сириядан Казакстандын 231 жараны кайтарылган. Анын 156сы — балдар экени маалым.

Январда мекенине алып келинген казакстандык эки эркек киши террордук ишмердүүлүккө тиешеси бар деген айып менен сегиз жылга эркинен ажыратылган. Ал эми экинчи операциясынын жыйынтыгы менен 16 эркек жана 4 аял камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0