Казакстанда 3 миллион жүргүнчүнү тейлеген жаңы аэропорт курула баштады

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы аба майданын түрк компаниясы салып, бир жарым жылдын ичинде бүтүрүүнү пландап жатат.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Казакстандын Түркестан облусуна жаңы аэропорт салынат. Өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин эл аралык TurkistanInternationalAirport аба майданынын пайдубалынын түптөлүшүнө капсула салды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Доставка тел погибших кыргызстанок в пожаре в Москве - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан "кара тизмеден" чыгуу үчүн Эл аралык жарандык авиациянын талабын аткарды
Ага ылайык, аэропортту YDA Holding түрк компаниясы куруп, 70 миллион доллардан ашык инвестиция салынат.

Маалыматтар боюнча, аэропорт эл аралык стандарттарга ылайык салынып, акыркы заманбап технологиялар колдонулат. 2020-жылдын аягында ачылышы пландалган аба майдан бир жылда 3 миллион жүргүнчү тейлегенге мүмкүнчүлүгү жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0