Казакстанда батутту шамал учуруп, жеткинчек каза тапты. Жеринен тартылган видео

© Фото / lindsayascottБатутта ойноп жаткан кыз. Архив
Батутта ойноп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуянын кесепетинен дагы эки бала түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

БИШКЕК, 25-май – Sputnik. Казакстандын Караганда шаарындагы Борбордук паркта катуу шамал батутту балдар менен кошо учуруп кетип 11 жаштагы жеткинчек каза тапты. Дагы 2 бала жаракат алган. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Маалыматка караганда, бүгүн, 25-майда, кечке жуук шаарда катуу шамал башталган. Бирок батут ээлери билет сатууну токтотушкан эмес.

Күбөлөр билдиргендей, катуу шамал батутту асманга учуруп, конструкция оодарылып кеткен. 11 жаштагы бала 10 мүнөттөн кийин эс учун жоготкон абалда табылган.

“Окуянын кесепетинен жеткинчек алган жаракатынан улам жеринде каза тапты. Дагы эки бала түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилди”, - деп айтылат маалыматта.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Караганда - shock_krg (@shock_krg)

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин “адам өлүмүнө алып келген, коопсуздук эрежелери сакталбастан көрсөтүлгөн кызмат” беренси боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0