Россиялык мушкер, жеңил салмактагы UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов. Архивдик сүрөт

Ташкентке келген Хабибди Мирзиёевдин күйөө балдары коноктоду. Сүрөт

5271
(жаңыланган 17:54 26.05.2019)
Мушкер ооз ачарга даярдалган палоо өзгөчө экендигин жазган.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Россиялык мушкер, жеңил салмактагы UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов Ташкентке барды.

Мушкер Instagram баракчасына Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин күйөө балдары Ойбек Турсунов жана Отабек Шаханов менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Khabib Nurmagomedov (@khabib_nurmagomedov)

"Меймандостугуңуздар үчүн рахмат сиздерге, туугандар! Ташкентте күн бир аз салкын, бирок ооз ачардагы Самарканддын палоосу жылытып жатат", — деп жазган Нурмагомедов.

Мушкер Мирзиёевдин кенже уулу  жана  эки күйөө баласы менен сүрөткө түшкөн.

Белгилей кетсек, Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга өткөн жылдын башында келип, күйөрмандары менен жолугуп кеткен.

5271
Белгилер:
Өзбекстан, конок, күйөө бала, Ташкент, мушкер, Хабиб Нурмагомедов
Тема боюнча
Президенттердин күйөө балдары. Борбор Азия ажолорунун кыздары кимге бүлө
Жээнбеков мушкер Хабиб Нурмагомедов менен жолукту. Сүрөт