Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев. Архив

Назарбаев бир күндө эки наам алып, кызы Дариганын кесиптеши болуп калды

555
(жаңыланган 11:40 30.05.2019)
29-май күнү ЕАЭБдин мааракелик саммитинде Назарбаев «Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин ардактуу төрагасы» наамына ээ болсо, эртеси дагы бири ыйгарылды.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге "Ардактуу сенатор" макамы берилди. Тийиштүү токтомду парламент депутаттары бейшемби күнү болгон жыйынында кабыл алышканын Sputnik Казакстан жазды.

Елбасыга «Ардактуу сенатор» макамын ыйгаруу демилгесин Касым-Жомарт Токаев президент болуп дайындалгандан кийинки алгачкы сөзүндө көтөргөн.

Назарбаевге макам ыйгаруу сунушу бир добуштан колдоо тапты. Сенаттын төрайымы Дарига Назарбаева мындай чечим адамдын эмгегин акыйкат баалоо экенин белгилеп, Назарбаевдин Казакстандын өнүгүүсүнө кошкон зор салымына урмат-сый экенин кошумчалады.

"Биз тарыхый чечим кабыл алдык. Эми ал (Назарбаев — ред.) сенатка тез-тез келип турат деп ишенебиз", — деди Назарбаева.

Елбасы Нурсултан Назарбаев наградил президента Кыргызстана Сооронбая Жээнбекова орденом первого президента Казахстана.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Белгилей кетсек, 29-май күнү ЕАЭБдин мааракелик саммитинде Назарбаев «Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин ардактуу төрагасы» наамына ээ болгон. Мындай демилге Россия президенти Владимир Путин тарабынан көтөрүлгөн.

Айта кетчү жагдай, Назарбаевдин отставкага карабай өлкөнүн биринчи президенти — улут лидери статусу бар, ошондой эле өмүрүнүн аягына чейин Коопсуздук кеңешин жетектейт.

555
Белгилер:
президент, наам, Дарига Назарбаева, Нурсултан Назарбаев
Тема боюнча
Нурсултан Назарбаев миллиардер Алишер Усмановго орден тапшырды
Назарбаев: кыргыздарды менден жакшы билген казак жок