Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архивдик сүрөт

Казакстандыктар социалдык жардам алыш үчүн ажырашат. Жинденген Токаев

255
(жаңыланган 11:36 31.05.2019)
Бул жардамды жакырчылыкта жашагандар алары айтылды.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев социалдык жардам алыш үчүн болгон жасалма ажырашуу фактыларын тактап, иликтеп чыгуу буйругун берди. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды. 

"Көп балалуу энелердин жардам катары акча алыш үчүн ажырашкан учурлары арбыды. Өкмөт менен президенттин аппаратына алдамчылыкты токтотуу үчүн санариптештирүүнү тез бүтүрүү тапшырылды. Социалдык жардам — жакырчылыкта жашагандар ала турган акча", — деп жазылган Токаевдин Twitter аккаунтунда.

Буга чейин Шымкенттин соту шаардыктар ажырашуу жана аталык милдеттен баш тартуу үчүн күнүнө 10-15тен арыз берип жаткандыгын белгилеген. Алар менен сүйлөшө келгенде акча алуу үчүн мындай кадамга барып жатканы аныкталган. Баладан баш тарткандарга кайрадан ата-энелик укук кайтарылбай тургандыгы айтылгандан кийин алардын бул оюнан баш тарткан учурлары болгон.

Даректүү социалдык жардам жеке тараптарга бир айлык керектөө каражатынын көлөмүндө өтө жакыр жашагандарга берилет. Быйыл анын көлөмү көбөйгөн эмес. Бул жардамды алуучулардан арыз кабыл алуу 2019-жылдын 1-апрелинен тарта башталган.

Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин маалыматына караганда, 25-майда республикада соцжардамга муктаж 125 үй-бүлөнүн маалыматтары жаңыланып, такталган.

255
Белгилер:
ажырашуу, жасалма, жардам, Касым-Жоомарт Токаев, Шымкент, Казакстан
Тема боюнча
Канча жылдан кийин ажырашуу кооптуулугу жаралат? Статистика
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн борбору Ташкент шаарын кеңейтүү боюнча долбоор менен таанышуу учурунда

Шавкат Мирзиёев Ташкентти кеңейткени жатат

144
(жаңыланган 08:31 06.08.2020)
Негизи эле мамлекет башчы адистерге борбор калаанын генералдык планын кайра карап чыгуу тапшырмасын берди.

БИШКЕК, 6-авг. – Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн борбору Ташкент шаарын кеңейтүү боюнча долбоор менен таанышты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Жалпысынан Ташкенттин аймагына дагы 9 381 гектер кошуу пландалууда.

“Шаардын инфраструктурасы кеңейип, элдин саны өсүп бара жатат. Мындан улам Мирзиёев быйылкы жылдын май айында Ташкентте “Янги хаёт” (“Жаңы жашоо”) деп аталган жаңы район курууну сунуштаган”, — деп айтылат кабарда.

Мирзиёев өзбек элин Кыргызстан менен сый болууга чакырды

Ошондой эле президент адистерге борбор калаанын генералдык планын кайра карап чыгуу тапшырмасын берди.

 

144
Белгилер:
курулуш, шаар, аянт, Шавкат Мирзиеев, Ташкент
Тема боюнча
Атам колунан келгенин кылып жатат. Мирзиёевдин кызы элине кайрылды
Күзгө жетип деле калды. Өзбекстанда карантин мөөнөтү дагы узарды
Чек ара. Архив

Казак чек арасындагы чатак: мигранттар алдамчылардын торуна кантип түштү

300
(жаңыланган 00:24 06.08.2020)
Оренбург менен Самаранын жанындагы чатыр шаарчанын жашоочулары үйүн көздөй жөнөдү. Кыргызстан жарандары Россиядан автобус менен жолго чыкты. Ал эми Өзбекстан атуулдарын жуманын түнүндө поезд менен алып чыгып кетишет.

Алексей Стефанов

Кыргызстан менен өзбекстандык мигранттар Самара менен Оренбург облустарынын админстративдик чек арасында россиялык тарип сактоочулар менен чырдашты деп ЖМКлар жаза баштаганда, маселе чечилип калган.

Казакстандын жанындагы аймакта үч лагерь пайда болгон. Оренбургдун Бузулук, Самаранын Большечерниговск райондорунда, үчүнчүсү эки аймактын чегиндеги админстративдик трассанын бойлой жайгашкан. Чатак дал ушул үчүнчүсүндө чыккан.

Россия-казак чек арасында чогулган кыргыз, өзбек мигранттары эртең мекенине жөнөтүлөт

Лагерлерде мекенине жетүүнү каалаган Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары жашап турган. Бирок жабылган чек арага туш келди. Алар бул аймакка кокустан келген эмес, мигранттар алдамчы мекендештеринин айтканына ишенип жолго чыккан.

Оренбург облусунун админстрациясы: колдон келишинче жардам бердик

"Бардык мамлекеттердин өкмөттөрү мигранттардын үйүнө жетип алышына жардам кылыш керек деген чечимге келип, жол ачып, кордидор уюштуруп берген. Кыргыздар эки миңден көбүрөөк эле, эки күн жолго чыгышты. Акыркыларын салган автобус да жөнөп кетти. Ал эми өзбектер 700гө чукул. Учурда Бузулук-Ташкент поезд каттамына билет алышууда, бейшемби түнү үйүнө кетет", - деп айтып берди Sputnik агенттигине Бузулуктун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Татьяна Успанова.

Ал мигранттардын арбын бөлүгү талаада пайда болору менен райадминстрация Россияда калып калган бул калкка зарыл шарттарды түзүп берүү үчүн болгон аракетин кылгандыгын айтты. Тигилген чатырларга электр кубатын тартып алып келген, иче турган жана техникалык суу менен камсыздаган, таштанды салуучу контейнерди орноткон. Ажатканаларды курган.

Албетте, булар айылдагыдай болгону менен жоктон көрө жогору эле. Ага чейин бул жерде адам жашабаган ээн талаа болгонун Успанова кошумчалаган.

Оренбургдан келчү мекендештерди ташыган 43 автобус жолго чыкты

"Лагерге мекендештери келип мигранттарга жардам берип жатышты. Ишкерлер аларга жумуш сунуштаганы менен, эч ким иштей турган каалоосун билдирген жок. Кыязы, жашап турганга каражаттары бар окшойт. Биздин лагерь аркылуу үч миңге чукул мигрант өтсө, алардын 10го жакыны гана ишке чыгып, калганы жөнөп кетчү күндү күтүп отурушту", - деп айткан Успанова.

Гастарбайтерлер алдамчы-таксисттердин торуна түшүп калышты

"Азыр Бузулук районундагы лагерь жабылды, эл кетүүгө камынып отурушат", - деди ал.

"Бул деген алдамчылык да, эл социалдык тармакка жазылгандарга ишенип алыптыр. Анда бул жерде үйүнө кетебиз деген гастарбайтер пансиоанат, санаторийлерге жашап турат деп айтылган экен. Эки адам бир бөлмөгө жайгаштырылат жана үч маал тамак берилет дешиптир. Анан бизге Россиянын булуң-бурчтарынан – Москвадан, Сахалинден, Воронеж, Пермь, Краснодар, Тюменден келе башташыптыр… Бул жерге жеткенде эч нерсеси жок талаага туш болушту", - дейт ачууланган Успанова.

Ал улуттук топтордогу мындай билдирүүлөр токтобосо, ээн лагердин жанына чатырлар кайрадан тигилиши мүмкүн деп чочулап жатканын айтты. "Мен элди аяп жатам — алар ишенип, талаага келип жатышат".

"Ооба, туура, мындай маалыматты таксисттердин Telegram каналы таратат. Алар мигранттарды Өзбекстанга алып кетүүнү сунуштап, көп акча алышкан, бирок чек арадан жүргүнчүлөрдү таштап, өздөрү артка кетип калышкан", — деп билдирди Өзбектер жана өзбекстандыктардын бүткүл Россиялык конгрессинин аймактык бөлүмүнүн башчысы Диляра Сабирова.

Ал ушул күндөрдө мекендештерине күйүп-бышып жардам берип, көйгөйлөрүн чечкенге аракет кылып жатты.

"Биз Өзбекстандын жарандарын мекенине жөнөткөнү жатабыз. Бүгүн аталган өлкөнүн башкы консулу келип, аны менен биргеликте адамдардын санын аныктап, тизмесин түздүк. Эми 7-августка караган түнү Өзбекстанга эки курам жөнөтүлөт", — деди Сабирова.

16 вагондон турган бир поезд Оренбург облусундагы Бузулук станциясына, ал эми 20 вагондон турган экинчи поезд Самара аймагындагы Кинель станциясына келип, жума күнү кечинде 1500 адам Ташкентке кайтат.

"Бул жолкусунда маселеге олуттуу карадык. Кечээ түнкү саат бирге чейин тизмени түзүп, бүгүн бардыгын компьютерге тердик. Өткөндө жагымсыз жагдайга туш болдук эле, тагыргаагы, июль айынын орто ченинде мигранттарды поездге түшүрө баштаганда, ал жакта чоочун адамдар бар экени белгилүү болду. Эми мындай кырдаалга жол берилбейт, жөнөтүүнүн бардык процесси көзөмөлдөнөт", — деди Сабирова.

Ошондой эле Сабирова Кыргызстандын бардык жарандары лагердеги чатырлардан кеткендигин тастыктады. Ал эми Өзбекстандын жарандары билеттерди алып, поезддин келишин күтүп жатышат. Анын айтымында, Самара жана Оренбург облустарынын администрациясы мигранттар темир жол бекеттерине жетип алышы үчүн автобустарды беришет, андан кийин үйлөрүнө кетишет.

"Албетте, кыйынчылыктар дагы бар. Мисалы, бир адамды Новороссийскиден автоунаа менен алып келишкен, ал үчүнчү кабаттан кулап түшүп, өтө оор жаракат алган экен. Операция араң жасалган. Ал азыр деле автоунаада жатат, айланадагылар жардам берип атышат. Чартердик рейс жок болгондуктан, учак менен алып кете албай койдук. Кечээ бирөөлөр менен сүйлөшкөндө аны станцияга чейин алып барууну, мүмкүн болсо поезд менен жөнөтүүнү суранганбыз. Балдак таянган дагы эки киши бар, аларды тез арада мекенге кайтарышыбыз керек. Дагы кош бойлуу үч аял жана үч бала бар", — деп сөзүн жыйынтыктаган Сабирова.

Ал ойлогон ою ишке ашып, эл аман-эсен үйүнө жетип аларына үмүт артып турганын кошумчалады.

300
Белгилер:
поезд, автобус, коронавирус, мигранттар, Казакстан, Самара, Оренбург, Россия
Тема боюнча
Миңдеген кыргызстандыктар Россия менен каттамдын ачылышын күтүп жатат
Ооруканада жаткан киши. Архив

Кайрадан ок атылды. Баткенде чек арага жакын айылдын тургуну жарадар болду

146
(жаңыланган 22:36 06.08.2020)
Маалыматты өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлү Алишер Абдрахманов тастыктады. Анын айтымына караганда, окуя 18:00 чамасында болгон.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бүгүн, 6-августта, болжол менен 18:00 чамасында чек арага жакын жайгашкан Баткен районундагы Көк-Таш айылынын (Тажикстандын чек арасына чукул) жашоочусу жаракат алганын аталган айыл өкмөтүнүн жетекчиси Разия Өсөрова билдирди.

Анын айтымына караганда, атылган октун үнү угулган. Ал эми жарадар болгон киши ооруканага жеткирилген. Өсөрова ал жерге эл чогулуп, бирок аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын айткан.

Бул маалыматты өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлү Алишер Абдрахманов тастыктады. Анын айтымына караганда, окуя 18:00 чамасында болгон.

"Ал Көк-Ташка жакын жерден жарадар болуптур. Операция жасап жатышат", — деди ал.

Калган маалыматты кийинчерээк бере тургандыгын билдирди.

Ал эми Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы Арзыбек Бөрүбеков бейтаптын эки жерине ок тийгенин айтты.

"Көк-Таш айылында ок тийген жергиликтүү жашоочу бүгүн саат 19:40 чамасында ооруканага келип түшкөн. Жабырлануучунун денесинин эки жерине ок тийген. Учурда абалы оор, медициналык жардам көрсөтүлүп жатат", — деди Бөрүбеков.

Чек арадагы ок атуу: тажикстандык көз жумду деген маалымат такталып жатат

Эске салсак, бүгүн эртең менен кыргыз-тажик чек арасында коңшулар тараптан ок атуу болуп, Кыргызстандын чек арачысы жаракат алгандыгы тууралуу маалымат тараган. Баткен облусунун Эки-Таш аймагында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аңчылык курал менен Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерине ок атып, ал жоокердин колун тешип өткөнү маалым болгон.

Мындан кийин эки тараптын өкүлдөрү жолугуп, чатакты Кыргызстан өзүнчө, Тажикстан өзүнчө иликтей турган болушкан. Себеби жарадар болгон кыргызстандык чек арачыдан башка, тажикстандык бир жарандын каза болгону айтылган.

Кыргызстандын Көк-Таш айылы Тажикстан менен болгон чек арага жакын жайгашкан. Көк-Таш айылы менен Тажикстандын чек арасын бир эле көчө бөлүп турат. Аталган калктуу конуштун стратегиялык мааниси бар, анткени анын аймагынан Көк-Таш — Ак-Сай — Рават жолу башталат.

146
Белгилер:
ок атуу, чек ара, Баткен облусу, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Казак чек арасындагы чатак: мигранттар алдамчылардын торуна кантип түштү