Казакстанда президенттик шайлоо болуп жатат

Казакстанда президенттик шайлоо болуп жатат. Ага эл кандай катышууда

339
(жаңыланган 10:52 09.06.2019)
Президенттик тактыга жети талапкер ат салышып жатат.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Бүгүн Казакстанда болуп жаткан президенттик шайлоого саат 10.00дөгү маалыматка караганда, жалпы шайлоочулардын  12,8 пайызы катышты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"Ушул тапта Нур-Султанда — 10,3 пайыз, Алматыда — 4,1 пайыз шайлоочу добуш берүү үчүн барды. Эртең мененки саат 7.00дө башталган шайлоо процесси саат 20.00гө чейин уланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Азырынча добуш бергендердин арасында Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев жана талапкерлер Толеутай Рахимбеков менен Амангельды Таспихов бар.

Президенттик тактыга жети талапкер ат салышууда.

Эске салсак, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев ушул жылдын 19-мартында ээлеген кызматынан кетип, мамлекетти башкаруу укугу парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге өткөрүлгөн.

Көп өтпөй Токаев шайлоо мөөнөтүнөн мурда болорун айтып, 9-июнга белгилеген.

339
Белгилер:
шайлоо, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Тема боюнча
Казакстандыктар социалдык жардам алыш үчүн ажырашат. Жинденген Токаев
Назарбаев: кыргыздарды менден жакшы билген казак жок