Мыйзамсыз митингди полиция кызматкерлери кайтарууда. Архивдик сүрөт

Казакстанда митинг учурунда улгайган киши көз жумдубу? Полициянын жообу

1322
(жаңыланган 19:10 09.06.2019)
Нааразылык учурунда эркек кишинин каза болуп калганы туурасында маалымат тараган, буга полиция жооп берди.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Казакстандын Ички иштер министрлиги Нур-Султандагы мыйзамсыз митингдердин учурунда улгайган киши каза болгондугу туурасындагы маалыматты жокко чыгарды. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Жекшемби күнү интернетте "Нур-Султан шаарында кишилерди кармап жатканда бир киши көз жумду" деген маалымат тараган. Аны полиция кызматкерлери өлтүрө сабап салды дешкен.

ИИМдин маалыматына караганда, нааразылык учурунда улгайган киши эсин жоготуп жыгылган.

"Полиция кызматкерлери Тез жардамды чакырып, медиктер келгиче алгачкы меджардам көрсөтүшкөн. Анын өлгөнү тууралуу маалымат жалган", — деп айтышты ИИМден.

Жардам көрсөтүлгөндөн кийин эркек киши өзүнө келип, митинг өтүп жаткан жерден кеткен.

Буга чейин Нур-Султан жана Алматы шаарларында мыйзамсыз митингден бир нече кишилердин кармалганы тууралуу малымат тараган.

Эске салсак, бүгүн эгемен Казакстанда алтынчы ирет президенттик шайлоо болуп жатат. Анда президенттик тактыга жети талапкер ат салышууда.

Ал эми коңшу өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев президенттик кызматтан 19-март күнү өз чечими менен четтеген.

1322
Белгилер:
президенттик шайлоо, полиция, Митинг, Казакстан
Тема боюнча
Казакстандагы митинг: полиция 100дөй адамды кармады
Казакстанда президенттик шайлоо болуп жатат. Ага эл кандай катышууда
Соода борбору. Архив

Казакстан Өзбекстан менен чектеш жерине "Хоргос" сыяктуу борбор курмай болду

220
Борбордун аймагына өткөрүү пункту, тейлөө мекемеси, соода объектилеринин жайы жана транспорттук-логистикалык борбор салынмакчы.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Казакстан Өзбекстан менен чектешкен жерде "Борбор Азия" аталышындагы эл аралык соода-экономикалык кызматташтык борборунун курулушун баштоо ниетин билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.

Коңшу өлкөнүн Соода-сатык жана интеграция министрлигинин билдиришинче, долбоорду ишке ашыруу жакынкы күндөргө пландалган.

"Бул мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги эки жыл мурунку келишим болчу. Казакстан курулушту мүмкүн болушунча эртерээк баштоого кызыкдар, бирок эпидемия ага тоскоол болууда", — деп айтылат маалыматта.

Соода борбору "Жибек Жолу" менен "Гишт Куприк" өткөрүү пункттарынын аймагында жайгашары айтылды.

Кытай Өзбекстанга Ош аркылуу транспорттук коридор ачты

Анын аймагына жаңы өткөрүү пункту, калк менен ишкерлерди тейлеген мекеме, соода объектилеринин борбору жана транспорттук-логистикалык борбор салынат.

Белгилей кетсек, Казакстандын Кытай менен чектешкен жерине дагы "Хоргос" аталышындагы ири базар бар.

220
Белгилер:
экономика, курулуш, соода борбору, Өзбекстан, Казакстан
Тема боюнча
Куш тумоосунан улам Казакстан Россия менен чек арасындагы көзөмөлдү күчөттү
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архив

Рахмондун ордуна барам деген алгачкы талапкер эртең белгилүү болот

170
(жаңыланган 10:03 14.08.2020)
Коңшу өлкөдө ушул жылдын 11-октябрында президенттик шайлоо өтөт. Бирок ушул учурга чейин бир дагы талапкер баш көтөрө элек.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Тажикстанда күздөгү президенттик шайлоого Агрардык партия өз талапкерин алып чыгуу үчүн кезексиз съездге чогулат. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттигине партия жетекчиси Рустам Латипов билдирди.

"Форум эртең, 15-августта, 130 делегаттын катышуусунда өтөт. Анда президенттик шайлоого катышуу жана талапкердин маселеси чечилет", — деди Латипов.

Рахмондун 33 жаштагы уулу тажик бийлигиндеги экинчи адам болуп калды

Белгилей кетсек, коңшу өлкөдө ушул жылдын 11-октябрында президенттик шайлоо болот. Бирок ушул учурга чейин бир дагы талапкер баш көтөрө элек. Учурдагы президент Эмомали Рахмон өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келет.

170
Белгилер:
талапкер, шайлоо, Тажикстан, Эмомали Рахмон
Тема боюнча
Лукашенконун атаандашы Тихановскаяны коопсуз жайга алып чыгып кетишкен
Медиктер бейтапты ташууда. Архивдик сүрөт

Коронавирус дагы эки адамдын өмүрүн алды

0
(жаңыланган 11:39 15.08.2020)
Илдетке кабылып, абалы оорлошкондордун басымдуу бөлүгү дарыланган "Семетей" обсервациясы кечээ жабылды.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Коронавирус дагы эки бейтаптын өмүрүн алганын Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, жугуштуу оорудан көз жумгандар Ош шаары менен Нарын облусунда катталган.

Жалпысынан коронавирустан көз жумган кыргызстандыктардын саны 1 493кө жетти.

0
Белгилер:
стационар, өлүм, Кыргызстан, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Бүгүн COVID-19га кабылган 272 адам аныкталды
Кечээтен бери өлкөдө коронавирустан 329 адам сакайды