Токаев президенттик шайлоодо 70, 13 пайыз менен жеңди. Exit poll жыйынтыгы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүГолосование на президентских выборах в посольстве Казахстана в Москве
Голосование на президентских выборах в посольстве Казахстана в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки уюм талапкерлер тууралуу сурамжылоо жүргүзүү укугун алган.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Казакстандагы президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев жалпы шайлоочулардын 70,13 пайызынын добушун алып, жеңүүчү болду. Бул туурасында "Коомдук пикир" институту" жүргүзгөн exit-poll жыйынтыгында айтылганын Sputnik Казакстан жазды.
Сурамжылоо 325 тилкени камтыган: Нур-Султан, Алматы жана Шымкенттеги 97 облус борборлору, 94 чакан шаар, 134 айыл округдарынан 13 200 респондент камтылган. Анын жаңылыштыгы 3 пайыздан ашпай турганы айтылды.

Респонденттерден кайсы талапкерге добуш бергенин сурашкан.

"Коомдук пикир" институтунун сурамжылоо жыйынтыгы:

  • Токаев Касым-Жомарт Кемелевич — 70,13 пайыз;
  • Косанов Амиржан Сагидрахманович — 15,39 пайыз;
  • Еспаева Дания Мадиевна — 5,32 пайыз;
  • Ахметбеков Жамбыл Аужанович — 3,86 пайыз;
  • Таспихов Амангелди Сатыбалдиевич — 1,41 пайыз;
  • Рахимбеков Толеутай Сатаевич — 3,03 пайыз;
  • Тугел Садыбек — 0,86 пайыз.

Exit Poll ким тарабынан жүргүзүлөт?

2019-жылы Казакстан президентинин талапкерлери туурасында сурамжылоо укугун эки уюм алган. Алар "Қоғамдық пікір" институты" жана "Жаштар" борборунун илим-изилдөө институту эле.

"Жаштардын" маалыматына караганда, Токаев 69,94 пайыз добуш алган. Анын артынан 14,96 пайыз менен Амиржан Косанов, кийинки болуп бирден-бир аял талапкер Дания Еспаева (3,6 пайыз) келе жаткан.

Акция протеста против президентских выборов в Алматы - Sputnik Кыргызстан
Казакстан: президенттик шайлоо учурунда 500 митингчи кармалды
Казакстандагы президенттик шайлоо ошентип, 9-июнда өттү. Ага шайлоочулардын 77,4 пайызы катышканы айтылды. Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды бюллетень таштоо соңуна чыккандан 12 сааттан кем эмес мезгилде санап бүтөт. Алдын ала жыйынтык 2019-жылдын 10-11-июнунда чыкмакчы.

Эске салсак, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев ушул жылдын мартында ээлеген кызматынан кетип, мамлекетти башкаруу укугу парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге өткөрүлгөн.

Көп өтпөй Токаев шайлоо мөөнөтүнөн мурда болорун айтып, 9-июнга белгилеген

Анткен менен бүгүн Казакстандын аймагында президенттик шайлоодон сырткары дагы башка саясий окуялар болду. Тагыраагы, Нур-Султан жана Алматы шаарларында бир топ адамдар нааразылык акцияларына чыккан. Бийлик мыйзамсыз деп аталган митингден бир нече кишилерди кармаган

Жаңылыктар түрмөгү
0