Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев. Архивдик сүрөт

Үй-бүлөңөр менен болгула! Мирзиёев жекшембиде иштөөгө тыюу салды

4829
(жаңыланган 10:25 10.06.2019)
Президент убакытты алган жыйындарды, зарылдыгы жок отчет берүүлөрдү кыскартуу талабын койду.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Мындан ары Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлер ишембиде саат 17.00гө чейин иштеп, жекшемби күнү таптакыр ишке келбеши керек. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёевдин билдирүүсүнө таянып Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Мирзиёев кызматкерлер дем алыш күнүн үй-бүлөсүнө арнашы керек деп эсептейт. Андыктан узакка созулган жыйындарды, зарылдыгы жок отчет берүү жана маалымат алуулардын санын кыскартуу талабы коюлду. 

"Кызматкерлер бардык милдеттерин иш күндөрү аткарып бүтүүгө жетишиши керек. Ал эми дем алыш күндөр үй-бүлө, бала-чакага арналуусу зарыл", — деп айтты президент.

Үй-бүлө демекчи, өткөн аптада Мирзиёевдин кызы Саида өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына атасы казандын жанында турган сүрөтүн жайгаштырган. Ал сүрөттүн алдына атасы үй-бүлөлүк майрамдагы дасторконго ашты өзү басарын жазган.

4829
Белгилер:
кызмат, дем алыш, Шавкат Мирзиеев, Өзбекстан
Тема боюнча
Мирзиёев кыздардын эрте турмушка чыгышына тыюу салды
Палоо басып жаткан Шавкат Мирзиёев. Сүрөт
Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу, Казакстандын Кайрат клубунун футболчусу Гүлжигит Алыкулов. Архив

"Кыргызстандык Месси" Казакстанда керемет гол киргизди. Видео

603
(жаңыланган 19:08 03.03.2021)
Гүлжигит Алыкулов беттештин 90-мүнөтүндө командасы 2:3 эсебинде утулуп жатканда атаандашын буйтап өтүп, алыстан дарбазанын так бурчуна таамай тээп гол киргизген.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу, Казакстандын "Кайрат" клубунун футболчусу Гүлжигит Алыкулов кезектеги кооз голу менен өзгөчөлөндү. "Кыргызстандык Месси" Казакстандын кубогу мелдешинде "Тобол" клубу менен беттеште киргизген голунун видеосун КРдин футбол союзу Instagram баракчасына чыгарды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от The Kyrgyz Football Union (@kfu_kg)

Алыкулов беттештин 90-мүнөтүндө командасы 2:3 эсебинде утулуп жатканда атаандашын буйтап өтүп, алыстан дарбазанын так бурчуна таамай тээп, керемет гол киргизген. Дарбазачы кыргызстандык футболчунун соккусуна эч кандай каршылык көрсөтө алган эмес.

Буга чейин ал командалашына ыңгайлуу голдук пас чыгарып берген.

603
Белгилер:
Казакстан, гол, кооз, Гүлжигит Алыкулов, футбол
Тема боюнча
Чимирилип тээп. УЕФАнын Чемпиондор лигасындагы суктанткан голдун видеосу
Эки жылдык тыныгуудан соң Бишкекте футбол боюнча эл аралык мелдеш өтөт
 Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандагы жалгыз манасчы Баянгали Алимжанов менен Нур-Султанда жолугуп, ага Достук орденин тапшырды

Жапаров Казакстандагы жалгыз манасчы Алимжановго "Достук" орденин тапшырды

152
(жаңыланган 13:19 03.03.2021)
Баянгали Алимжанов ушул кезге чейин Казакстандагы жалгыз манасчы. Ал 1984-2004-жылдар аралыгында жүздөгөн улуттук, эл аралык жана жергиликтүү сынактарга катышкан.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандагы жалгыз манасчы Баянгали Алимжанов менен Нур-Султанда жолугуп, ага "Достук" орденин тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

  • Президент КР Садыр Жапаров в рамках государственного визита в Казахстан встретился с единственным сказителем эпоса Манас в РК Баянгали Алимжановым
    Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандагы жалгыз манасчы Баянгали Алимжанов менен Нур-Султанда жолугуп, ага "Достук" орденин тапшырды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Садыр Жапаров в рамках государственного визита в Казахстан встретился с единственным сказителем эпоса Манас в РК Баянгали Алимжановым
    Жапаров Алимжанов кыргыз элдик көркөм өнөрүнүн берметин өнүктүрүүгө жана жайылтууга зор салым кошконун белгилеп, "Манас" эпосун казак тилине которгону үчүн ыраазычылык билдирген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Орден Достук подаренный единственному сказителю эпоса Манас в РК Баянгали Алимжанову
    Баянгали Алимжанов ушул кезге чейин Казакстандагы жалгыз манасчы.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 3
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандагы жалгыз манасчы Баянгали Алимжанов менен Нур-Султанда жолугуп, ага "Достук" орденин тапшырды

Жапаров Алимжанов кыргыз элдик көркөм өнөрүнүн берметин өнүктүрүүгө жана жайылтууга зор салым кошконун белгилеп, "Манас" эпосун казак тилине которгону үчүн ыраазычылык билдирген.

Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарындагы Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин музейине барды
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Баянгали Алимжанов 1954-жылы 16-октябрда Казак ССРинин Кокшетау облусунун Степняк-Енбекшилдер районунда катардагы жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин Алматы шаарындагы Киров атындагы Казак мамлекеттик университетинин филология факультетинин казак тили жана адабияты бөлүмүндө окуган.

Баянгали Алимжанов ушул кезге чейин Казакстандагы жалгыз манасчы. Ал 1984-2004-жылдар аралыгында жүздөгөн улуттук, эл аралык жана жергиликтүү сынактарга катышкан, ар кандай конкурстардын бир нече жолку жеңүүчүсү.

Казак манасчысынын Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегин материалдан окуңуздар.

152
Белгилер:
Баянгали Алимжанов, Орден, Достук, манасчы, Садыр Жапаров
Тема:
Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары
Тема боюнча
"Жашыл коридор" үчүн ыраазычылык. Жапаров Казакстандын премьери Маминге жолукту
Жапаров казак инвесторлорун Кыргызстанга чакырды. Берген убадалары
Туман учурунда электр зымдары. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:30 05.03.2021)
6-мартка караган түнү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жолдорго муз тонуп, тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көлдө +4…+9, Нарын өрөөнүндө +1…+6 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градусту көрсөтөт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, март, аба ырайы
Тема боюнча
Ысык-Көлдө кыйраган 37 млн. сомдук тик учак. Ми-8 кантип кырсыктаган