БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Казакстандын ички иштер министрлиги өлкөдө шайлоо күнү өткөн "мыйзамсыз митингдер" боюнча үн катты.
Белгилей кетсек, коңшу өлкөдө 9-июнда президенттик шайлоо өтүп, ал бир катар митингдер менен коштолгон болчу. Анда 500дөй киши кармалган.
Митингчилер менен полициянын кагылышкан видеосу YouTube сайтындагы "Видосы Казахстана" каналына жарыяланган.
Казакстандын ИИМи "ДВК" ("Казакстандын демократиялык кыймылы") сот тарабынан экстремисттик уюм деп табылып, тыюу салынганын белгиледи.
"Нур-Султан менен Алматы шаарында "ДВКнын" активдүү тарапташтары шайлоо учурунда өлкөдө туруксуздук жаратуу үчүн өздөрүнүн чет жактагы жетекчилеринин тапшырмасын аткарган. Мыйзамга каршы келген аракеттерге бир топ кишилерди тартып, аларды эреже бузууга, коомдук тартиптин сакчылары менен каршылашууга мажбурлаган", — деп айтылат маалыматта.
Андан сырткары, тыюу салынган уюмдун мүчөлөрү чагымчылдык аракеттердин түрдүү версияларын да талкуулашкан. Арасында жол тыгындарын уюштуруу, укук коргоо органдары менен жаңжал чыгаруу бар.