Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин архивдик сүрөтү

Казакстанда Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы өтүп жатат

582
(жаңыланган 11:12 12.06.2019)
Казакстанда Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы өтүп жатат.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бүгүн Нур-Султан шаарында Казакстандын жаңы шайланган президенти Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы өтүп жатат. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Иш-чара Эгемендүүлүк сарайында болууда.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала чыгарган жыйынтыгына караганда, Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын добушунун 70,96 пайызын алган.

Президент эл алдында казак тилинде ант бергенден кийин дароо мамлекет башчылык ишине киришет.

Инаугурацияга парламент депутаттары, Конституциялык кеңештин мүчөлөрү, Жогорку Соттун судьялары жана өлкөнүн мурдагы президенттери катышары айтылган.

Буга чейин ал Бишкектеги саммитке өз статусунда келе тургандыгын айткан

582
Белгилер:
инаугурация, президенттик шайлоо, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Тема боюнча
Казакстандын президенти Токаевдин шайлоодон кийинки биринчи билдирүүсү
Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды
Токаев президенттик шайлоодо 70, 13 пайыз менен жеңди. Exit poll жыйынтыгы