Гүлнара Каримованын абалы күн санап начарлоодо. Кызы арыз жазды

© AFP / Amy Sussman / GETTY IMAGES NORTH AMERICAСтаршая дочь первого президента Узбекистана Ислама Каримова Гульнара. Архивное фото
Старшая дочь первого президента Узбекистана Ислама Каримова Гульнара. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гүлнара Каримованын кызы энесин абактын кызматкерлери психологиялык жактан басмырлап, денесине залал келтиргендигин айтты.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Гүлнара Каримованын кызы Instagram-аккаунтуна Өзбекстандын мамлекеттик коопсуздук боюнча кызматы менен Башкы прокуратурасынын жетекчилерине жазган арызынын көчүрмөсүн койду.

Инам өзүнүн арызында Каримовага жактоочусу барып келген мезгилден бери (марттын соңу) медициналык жардам көрсөтүлбөгөнүн жана анын баракка жайгаштырылганын жазды.

Гүлнара Каримованын кызы энесин абактын кызматкерлери психологиялык жактан басмырлашып, денесине залал келтирип жатат деди. Андан сырткары, моралдык жактан да кемсинтүү болууда деп кошумчалады.

"Күнүнө 40 мүнөттөн төрт ирет текшерүүдөн бошотулган эмес. Бул 40 градус ысыкта жасалып жатат. Анын кан басымы жогорулап кетип жатканы, бутунун тамырлары кеңейип кеткени жана күн сайын кан агып жатканы туурасында ойлошкон да жок", — деп айтылат кайрылууда.

Анын айтымында, Гүлнара Каримованын абалы күн санап начарлап бара жатат.

Иман Каримова жогоркудай арызды эл аралык сотко жиберүүгө аргасыз экендигин айтты. Ал адам укуктары боюнча иш алып барган уюмдарды да бул ишке тартуу максатын кошумчалаган.

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Гүлнара Каримованын үйүнөн 38 млн. долларлык азем буюмдар табылды
Маалыматка таянсак, Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова мыйзам чегинде чыккан өкүмдүн негизинде жазасын өтөп жатат. Аталган органдын маалымат катчысынын айтымына караганда, ага көрсөтүлүүчү медициналык жардам чектелген эмес.

Эске салсак, Гүлнара Каримованы камакка 2015-жылы алышкан.

2017-жылы сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан. Андан соң өкүм өзгөртүлүп, 5 жылга алмаштырылган. Кызы Иман жашап жаткан жерде жазасын өтөө чечими кабыл алынып, жазасын өтөп жатканда милдеттеринен кыянатчылык менен баш тартса, сот чечимин өзгөртүшү мүмкүндүгүн айткан.

Андан кийин Гүлнара Каримова сот койгон тартипти бузгандыгы айтылып, жалпы тартиптеги абакка которулган. Ушу тапта ал жазасын мыйзамдык шартта өтөп жатат.

Расмий маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө Гүлнара Каримованын абалы канааттандырарлык.

Жаңылыктар түрмөгү
0