Казакстандагы жарылуу: автоунаасына снаряд түшкөн киши каза болду

© AP Photo / Radio Free Europe / Radio LibertyВзрыв в казахстанском городе Арысь
Взрыв в казахстанском городе Арысь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркстан облусунун башчысы жарылуу адам өмүрүн алгандыгын айтты.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Түркстан облусунун Арыс шаарындагы курал сакталган жайдагы жарылуудан киши курмандыгы болгондугун Коргоо министри Нурлан Ермекбаев билдирген. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Ал эми аймактын башчысы Умирзак Шөкеев киши кандайча каза тапканын айтып берген.

"Бир киши көз жумду. Ал автоунаасы менен келе жатканда снаряд анын үстүнө түшкөн. Мындан сырткары эки адамдын абалы оор. 31 жаран ооруканага жөнөтүлдү", — деп айткан ал.

Эске салсак, 24-июнда эртең менен Казакстандын куралдуу күчтөрүнүн ок-дары сакталган жайы жарылган. Аталган арсенал Түркстан облусунун Арыс шаарына жакын жайгашкан. Маалыматтарга караганда, алгач өрт чыгып, андан соң курал-жарак турган жайга өткөн деп айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0