"Эгер тирүү калбасам...". Казакстандагы жарылууда аскердин ыйлап жаздырган видеосу

10037
(жаңыланган 21:10 24.06.2019)
Казакстандын Арыс шаарындагы аскер кызматкери "кокус каза болуп калсам" деген ойдо ата-энесине кайрылуу видео тартып койгон.

Видео YouTube каналына жүктөлдү.

Кадрдан уюлгуган кара түтүндү, атышуу болуп жаткандай үндөрдү угууга болот. Аскер кызматкери "эгер каза болуп калсам... ата-энем, мен сиздерди жакшы көрөм", - деп көзүнө жаш алган.

Эске салсак, 24-июнда эртең менен Казакстандын куралдуу күчтөрүнүн ок-дары сакталган жайы жарылган. Аталган арсенал Түркстан облусунун Арыс шаарына жакын жайгашкан. Маалыматтарга караганда, алгач өрт чыгып, андан соң курал-жарак турган жайга өткөн деп айтылууда.

10037
Белгилер:
Аскер, жарылуу, Казакстан
Тема:
Казакстандын Арыс шаарындагы жарылуу (11)
Тема боюнча
Казакстандагы аскер бөлүктө катуу жарылуу болду. Видео
Бишкектеги жарылуудан жаракат алган төрт адамдын абалы айтылды
Казакстандагы жарылуу: элдин эвакуацияланышы видеого түшүп калган