Казакстанда жарылуудан каза тапкандардын саны үчкө жетти

© Sputnik / Сергей Ким / Медиабанкка өтүүЦветы у посольств РФ в странах мира в память о погибших при взрыве в Санкт-Петербурге
Цветы у посольств РФ в странах мира в память о погибших при взрыве в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үчүнчү кишинин артында бир баласы калды.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Арыс шаарындагы жарылуудан каза тапкандардын саны үчкө жетти. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министринин орун басары Тимур Дандыбаевге таянуу менен Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Буга чейин кампада сакталган ок-дарынын жарылуусунан эки кишинин өлгөнү айтылган. Бири аскер адамы болсо, экинчиси жай тургун болчу.

25-июнда Шымкенттин ооруканаларынын биринде контракттык негизде аскер кызматын өтөп жаткан жоокер Нурлан Ахматовдун көз жумганы белгилүү болду.

"32 жаштагы жоокердин бир баласы бар болчу. Өзү шымкенттик эле. 2013-жылы аскердик милдетин өтөөгө чакырылып, бөлүмдүн командирлигин аркалап келген", — деди Дандыбаев.

Родители, я вас люблю! Военный записал видео во время взрывов в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
"Эгер тирүү калбасам...". Казакстандагы жарылууда аскердин ыйлап жаздырган видеосу
Белгилей кетсек, жарылуу 24-июнь күнү саат 9.20ларда Казакстандын түштүгүндө жайгашкан Арыс шаарындагы №44856 аскер бөлүгүндөгү курал-жарак кампасында болгон. Элди ыкчам кызматтын адистери, ИИМ жана Коргоо министрлигинин өкүлдөрү эвакуациялаган.

Шаарда 43 миң киши жашайт. Облус акими Умирзак Шукеев башында турган жумушчу топ түзүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0