Казакстандын полиция кызматкерлери. Архив

Шымкентте массалык башаламандык болду. Видео

(жаңыланган 23:09 27.06.2019)
Шейшемби күнү Nur Otan партиясынын Шымкенттеги филиалына эл топтолгон. Алар Арыстагы жарылуудан кийин компенсация төлөп, үй менен камсыз кылууну талап кылышкан.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Шымкентте митингге чыккандар Nur Otan партиясынын филиалынын алдына келип уюмдун желегин жулуп салышты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Партиянын маалымат кызматынын жетекчиси Максим Споткайдын айтымында, желекти жулуп салгандарга карата арыз жазылбайт.

"Шымкенттеги филиал учурда штаттык режимде иштеп жатат. Митингге ким чыкканын, дегеле ушул суроого байланыштуу маселени тийиштүү органдар карасын. Учурда ал адамдар филиалда жок (желекти жулгандар — ред.). Эгер мыйзам бузулган болсо укук коргоочулар иш алып барсын", — деди Споткай.

Шейшемби күнү Nur Otan партиясынын Шымкенттеги филиалына эл топтолгон. Алар Арыстагы жарылуудан кийин компенсация төлөп, үй менен камсыз кылууну талап кылышкан.

Жарандар "Бекжан" ири рыногу менен "Ак мешіт" борбордук мечитине жакын трассаны буушкан. Алар Түркстан менен Шымкенттин акимдеринин сыртка чыгып, эл менен жолугушуусун талап кылышкан.

Шымкент шаарынын башчысы Габидулла Абдрахимов менен Түркстан облусунун акими Умирзак Шукеев эл алдына чыкканда, жарандар Арыстагы жарылуудан кийин үйлөрүнө баргылары келбей жатканын, себеби радиация коркунучтуу экенин билдиришкен. Ошондой эле компенсация төлөөнү талап кылышкан.

"Провокаторлорду укпагыла! Арыста эч кандай радиация жок. Жакынкы аралыкта сиздерге Арыста үй салынып берилет. Эртең же аркы күнү шаарга кирүүгө жол ачылат. Албетте, өтө жаман окуя болду. Кыйынчылыгыңыздарды түшүнөм. Биз, жалпы мамлекет сиздер менен, колдон келген жардамды берип жатабыз. Аскер кызматкерлери аймакты тазалап жатат. Алар күн-түн дебей иштешүүдө", — деди Умирзак Шукеев.

Облус акими Арыста бир айдай жашай турганын да айтты.

Интернеттеги маалыматтарга караганда, Шымкенттеги Аль-Фараби аянтында 50 адам чогулган.

"Сурамжылоодон кийин митингге чыккандардын бардыгы Арыста жашабай турганы белгилүү болду", — Түркстан облусунун акиминин кеңешчиси Сакен Калкаманов өзүнүн баракчасына жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от |ATYRAU|KZ|06🌍 (@atyrauoil06)

Белгилей кетсек, жарылуу 24-июнь күнү саат 9.20ларда Казакстандын түштүгүндө жайгашкан Арыс шаарындагы №44856 аскер бөлүгүнө жайгашкан курал-жарак кампасында болгон. Элди ыкчам кызматтын адистери, ИИМ жана Коргоо министрлигинин өкүлдөрү эвакуациялаган.

Жарылууга аскер бөлүктө чыккан өрт себеп болгон. Үйлөр катуу жабыркап, элди 80 чакырым алыстыкта жайгашкан Шымкент шаарына эвакуациялашкан.

Жапа чеккен калаага өлкө башчысы да келип, кыска мөөнөттө каргашанын кесепетин жоюу тапшырмасын берген. Каражат мамлекеттик материалдык резервден бөлүнмөй болгон.

Белгилер:
митинг, Шымкент, Казакстан
Тема:
Казакстандын Арыс шаарындагы жарылуу (12)
Тема боюнча
Ок-дары жарылып жаткан маалда көз жарып... Казакстандагы окуя
Электр линиясы. Архив

Кыргызстан Өзбекстандан электр кубатын кандай шартта алып жатканы айтылды

(жаңыланган 09:52 23.04.2021)
Министрдин айтымында, Өзбекстандан электр энергиясы азыр эле импорттоло баштады. Бул иш быйыл жана кийинки жылдын биринчи кварталына чейин уланат.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстан Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, электр энергиясы өлкөгө импорттоло баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Эске салсак, бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычындагы суу былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард куб метрге аз. Бул өлкөгө электр энергиясын сырттан алып келүү зарыл дегенди түшүндүрөт.

"Товар алмашуу шарты менен биз Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат алуу тууралуу сүйлөштүк. Электр энергиясы импорттоло баштаган. Бул иш быйыл жана кийинки жылдын биринчи кварталына чейин уланып, жай мезгилинде тыныгуу болуп турат. Электр энергиясын кайтарып берүү жайында башталып, карызды үч жылдын ичинде берип бүтүп калабыз", — деди Турдубаев.

Буга чейин министр Кыргызстан менен Казакстан электр кубатын алмашуу макулдашылганын айткан.

Ал быйыл Казакстан Кыргызстандын энергосистемасына 900 миллион киловатт-саат бере турганын белгилеп, коңшуларга кайра Токтогул суу сактагычына эквиваленттик көлөмдө суу топтоп, камсыздап бере турганын кошумчалаган. Муну менен Кыргызстан үч жылдын ичинде миллион киловатт-сааттык сууну коё берип, ошону менен кутулат.

Белгилер:
импорт, электр энергиясы, суу, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
"Кудайга шүгүр" жашаган элдин санын кантип билебиз? Абоненттердин статистикасы
Эртең Бишкектин 56 көчөсүндө электр кубаты болбойт. Тизме
Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев. Архивдик сүрөт

Министр: Кыргызстан Казакстанга берген электр кубатынан пайда көрөт

(жаңыланган 12:10 22.04.2021)
Казакстан электр энергиясынын бир киловатт-саатын 2,9 центтен сатып алууну сунуштаган, ал эми Кыргызстан 2,4 центке макул болгон. Бирок тараптар башка чечимге келишти.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан электр кубатын бири-бирине берүү боюнча макулдашкандыгын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Аткаминер Казакстан электр энергиясынын бир киловатт-саатын 2,9 центтен сатып алууну сунуштаган, ал эми Кыргызстан 2,4 центке макул болгон. Бирок тараптар кийинчерээк товар алмашуу боюнча макулдашкан.

"Быйыл Казакстан биздин энергосистемага 900 миллион киловатт-саат берет. Ал эми коңшуларга Токтогул суу сактагычына эквиваленттик көлөмдө суу топтоп, камсыздап беребиз. Биз үч жылдын ичинде миллион киловатт-сааттык сууну кое берип, ошол эквивалентте кутулабыз. Бул электр кубатын иштеп чыгуу үчүн сууну түтүк аркылуу агызышыбыз керек. Товар алмашууну нөлдүк коюм менен жасоону чечтик", — деди министр.

Ал электр энергиясын коңшулардан Кыргызстанга алып келип же аларга жеткирүү чыгымын казак тарап өз мойнуна аларын кошумчалады.

"Кыргызстан транзиттин эсебинен пайда көрөт. Бул киловаттына 0,0000001 доллар болот", — деген министр.

Эске салсак, Токтогул суу сактагычындагы суу былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард куб метрге аз.

Белгилер:
алмашуу, сатуу, электр кубаты, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Жапаров электр кубатынын баасын көтөрүүнү сунуштады
Тема боюнча
Жапаров электр кубатынын тарифин эки эсеге көтөрүүнү сунуштоодо
Эне жана баланы коргоо борборунун патология бөлүмүнүн неврологу, медицина илимдеринин кандидаты Нурмухамед Бабажанов

Бабажанов: өлкөдө полиомиелит менен ооруган бала жок

(жаңыланган 10:44 23.04.2021)
Эне жана баланы коргоо борборунун патология бөлүмүнүн неврологу, медицина илимдеринин кандидаты Нурмухамед Бабажанов шал менен ооруган бейтап акыркы жолу 1993-жылы катталганын айтты.

Балдар арасында церебралдык шал, талма жана бала эненин курсагындагы кезинде же төрөлүп жатканда алган жаракатынан улам баш мээнин жабыркашы эң негизги көйгөй. Нерв ооруларынын пайда болушунун себептери баланын тубаса кемтик менен төрөлүшү, аны шарттаган тукум кууган оорулар, ата-эненин ден соолугу, жашоо образы, эненин канынын аздыгы себеп болот. Бул тууралуу Нурмухамед Бабажанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бабажанов: өлкөдө полиомиелит менен ооруган бала жок

Анын айтымында, полиомиелитке каршы балдарды массалык түрдө эмдөөдөн улам азыр өлкөдө бул илдет менен ооруган адам жок.

"Полиомиелит же шал оорусу курч өтүүчү жугуштуу оору. Көбүнчө кичинекей балдар менен өспүрүм курактагылар оорушат. Ошентсе да кичинесинде полиомиелитке каршы эмдөөдөн өтпөй калган чоңдор да ооруну жуктуруп алган учурлар бар. Оору борбордук нерв системасын, биринчи кезекте жүлүндү жабыркатып, өтүшүп кетсе шалга кептей тургандыгы менен кооптуу. Вирус кан аркылуу жүлүнгө барып булчуңдарды иштете турган мотордук клеткаларды талкалайт. Ошондуктан баланын колу-буту иштебей майып болуп калат. Ошондой эле кээде жутуу жана дем алуу булчуңдары да шал болуп, өлүмгө алып келген учурлар бар. Эгер бала шал болуп калса кайра толук калыбына келе албайт. Кыргызстанда 1960-жылдары полиомиелит менен ооруп калып мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо үчүн Ак-Сууда санаторий ачылган. Акыркы жолу шал менен ооруган бейтап 1993-жылы катталган. Ал эми 2010-жылы коңшу Тажикстанда ооругандар катталып, биз үчүн кооптулук жаралган эле. Мурда төрөт үйүндө эле балдардын оозуна шал оорусуна каршы дары тамчылатып койчу элек. Азыр, кудайга шүгүр, аталган илдет менен жабыркаган балдар жок. Бирок дүйнө жүзүндө оору дагы деле бар. Алсак, Кыргызстанга вирустун очогу бар Индия, Пакистандан адамдар келип-кетип жатышат. Ошондуктан азыр улуттук календарь боюнча балдар жылына төрт ирет полиомиелитке каршы вакцина алышы зарыл", — деди Бабажанов.

Дарыгер 2010-жылдан бери шал илдетинин белгилери болгон балдардын анализи тоңдурулуп Москвадагы Чумаков институтуна жөнөтүлүп, ал жактан диагноз коюлуп жатканын кошумчалады.

Белгилер:
өспүрүм, бала, илдет, вирус, нерв, полиомиелит, Нурмухамед Бабажанов
Тема боюнча
Өлкөдө балдарга полиомиелитке каршы вакцина сайыла баштады