Үрөй учурган кырсык. Өзбекстанда аттракцион экиге бөлүнүп жерге кулаган видео

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүГород Далянь в Китае
Город Далянь в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматты Өзбекстандын ӨКМинен тастыкташты.

БИШКЕК, 29-июн. - Sputnik. Жизактагы «Истиклол" аттракциону иштеп жаткан учурда андагы адамдар менен кошо жерге кулап түшкөн. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жазды.

Коркунучтуу кадрлардан аттракциондун экиге бөлүнүп сынып түшүп, кабинкалардын жерге келип тийгендигин көрүүгө болот. Анда адамдардын кыйкырып, дүрбөлөңгө түшүп, бири-бирине чуркап жатканы даана тартылып калган.

​Өзбекстандын ӨКМи Sputnik агенттигинин кабарчысына андай кырсык болгондугун тастыктап, окуянын чоо-жайын кечирээк кабарлай тургандыгын билдирди.

Маалыматтарга караганда, 19 жаштагы кыз каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0