Эски тыйындар. Архив

Ташкентте баасы миллион долларлык кенч табылды

362
(жаңыланган 16:33 04.07.2019)
Эксперттер кол жазмалардын айрымдарынын баасы 600 миң доллар экенин айтышууда.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында байыркы кол жазмалар, тыйын жана икона табылганын Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Табылган кенчтин арасында алтын, күмүш жана жез тыйындар бар. Алар IX-XIX кылымдарда Түркестандын аймагында чегилген. Ошондой эле XVIII жана XX кылымдын башында Россияда, Европада чегилген тыйындар да бар. Амир Олимхондын (Сеид Алим-Хан) доорундагы кол жазмалар сакталып калган. Анда Европа менен Азия континентиндеги мамлекеттердин айрым тарыхтары да жазылган.

Бул тарыхый баалуу табылгалар канчалык маанилүү экенин эксперттер аныкташ керек. Алдын ала баалоо боюнча мукабасына алтын жалатылган бир китептин эле баасы 600 миң долларга жетиши ыктымал.

Ошондой эле кенчтин арасынан башка мурастардын катылган жерин көрсөткөн эски карталар да табылган.

362
Белгилер:
табылга, кенч, Ташкент, Өзбекстан
Тема боюнча
Өспүрүм Балтика көлүнөн миң жыл мурунку кенчтин табылышына себепкер болду