Нан. Архивдик сүрөт

Тажикстанда соттолгон 14 киши нанга ууланып каза болду

397
(жаңыланган 11:51 08.07.2019)
Эркинен ажыратылгандарды бир жерден экинчи жерге ташып баратканда алардын бири жанындагы 19 кишиге үч бөлкө нан берген.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Тажикстандын түштүгүндө соттолгон 14 эркек жана аял нанга ууланып каза болгонун РИА Новости жазды.

Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын (ЖАББ) билдиришинче, соттолгон 120 эркек кишини жана 8 аялды жаза мөөнөтүн өтөө үчүн үч унаа бир жерден экинчи аймакка жеткирип бара жаткан. Тагыраагы, Коженттен Истаравшанга жана Душанбеден Нурекке алып баруу керек болгон.  

 Белгиленген талаптарга ылайык, аларды ташып бараткан автоунаа жолдон алты жерге токтогон.

Душанбеге жакын жердеги Варзоб районунун Майхура аймагында эркинен ажыратылгандардын бири өзү менен кошо бара жаткан 19 кишиге үч бөлкө нан бергени айтылат. Аны жегенден кийин 16 адамдын башы айланып, куса баштаган. Жарым сааттан кийин аларды түрмөгө жеткиргенде 16сы эсин жоготкон. 

Маалыматка караганда, медиктер экөөнү гана куткарып кала алган, калган 14ү көз жумган.

Уулануу фактысы боюнча Тажикстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, атайын тергөө тобу түзүлдү. Маалыматта, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштерине баш прокурор Юсуф Рахмон өзү көзөмөл кылып жатканы айтылды. 

397
Белгилер:
Душанбе, кылмыш, уулануу, түрмө, абак, Тажикстан
Тема боюнча
Токмоктогу тойдо ууланган 117 киши. Министрлик бейтаптардын абалы тууралуу
Мектеп күндөлүгү. Архивдик сүрөт

Өзбекстанда мектеп күндөлүгү менен класстык журнал жоюлду

156
(жаңыланган 10:43 13.08.2020)
Жаңы система үй тапшырма жана башка маселелер боюнча мессенжерлер аркылуу ата-энелер тайпаларын түзүү зарылдыгын жок кылары айтылат.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Жаңы окуу жылында Өзбекстандын көптөгөн мектептеринде күндөлүк менен класстык журнал жоюлат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигине таянып Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Мунун ордуна алар Kundalik.com деп аталган электрондук платформаны колдонушат.

"Бир жагынан мугалимдердин кагазга байланыштуу иштери азаят. Экинчи жагынан ата-эне менен мектептин байланышын жакшыртат. Алар бир гана смартфондун жардамы менен балдарынын жетишкендиктерин, бааларын көзөмөлдөп турушат", — деп айтылат кабарда.

Ошондой эле жаңы система үй тапшырма жана башка маселелер боюнча мессенжерлер аркылуу ата-энелер тайпаларын түзүү зарылдыгын жок кылары айтылат.

Быйыл кайсы класстар мектепте окушу мүмкүн. Министрликтин жообу

Баса, электрондук күндөлүккө кошулуу акысыз эмес. Бирок министрлик бир жылдык акы бир күндөлүктүн баасына барабар экенин билдирет.

Балдар тууралуу персоналдык маалыматтар корголору дагы кошумчаланды.

156
Белгилер:
мугалим, ата-эне, окуучу, күндөлүк, мектеп, Өзбекстан
Тема боюнча
Башталгыч класстар 1-сентябрда мектепке барабы? Коңшу өлкөлөрдүн планы кандай
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архивдик сүрөт

Жалкоолук, тойдон-тойго жашоо... Токаев казак коомунун беш кемчилигин атады

468
(жаңыланган 22:41 10.08.2020)
Президенттин айтымында, өлкө быйыл көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилейт, бирок коомчулуктун бир кылым мурда Абайды тынчсыздандырган кемчиликтери жоюлбай келет.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев улуу акын Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата "Абай — руханий реформатор" деген аталыштагы макала жазып, анда казак коомчулугунун бир нече кемчилиги тууралуу дагы айта кетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Президенттин айтымында, өлкө быйыл көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилейт, бирок коомчулуктун бир кылым мурда Абайды тынчсыздандырган кемчиликтери жоюлбай келет.

Ынтымак бекемделсин! Кыргыз элин Курман айт менен куттуктаган президенттер

"Өз доорунда Абай айткан "беш душманыбыздан" дагы деле толук кутула албай жатабыз. Тилекке каршы, коомубузда жалкоолук, пайдасыз сөздөр көп. Алар кишини тыңгылыктуу иш бүтпөгөн, маанисиз жашоого сүйрөйт. Ошондой эле эмгектенүүнүн ордуна ар бир нерседен саясат издегендер жок эмес", — деди Токаев.

Өлкө башчы эске салгандай, Абай тойдон-тойго чейин күн санабай, билим алып, руханий өсүүгө чакырган.

"Биз билимдин аркасы менен гана өсө алабыз. Заманбап билим берүү интеллектуалдык жактан жетилген улут болууга жардам берет. Экинчи орунда тарбия турат. Улуу ойчул айткандай, пайда издебей, абийирди ойлойлу. Ошондо гана биз жаштарга үлгү боло алабыз", — деп жазган президент.

Мындан тышкары, ал Абай казак эли болушунча жаңы жана керектүү кесиптерге умтулуп, ар бир жаран өз ишинин чебери болушун каалаганына токтолду.

Ынтымак менен жеңерине ишенем. Токаев кыргыз элине көңүл айтты

"Азыркыдай кымгуут кезде бул өтө маанилүү. Байлык жок болуп кетиши мүмкүн. Ал эми иш билгилик өмүр бою биз менен калат. Биз ишке болгон мамилени өзгөртүшүбүз керек. Анткени бизди сүйүктүү жумушубуздай эч нерсе бактылуу жана бай кыла албайт", — деп жазылат өлкө башчынын макаласында.

Ошондой эле Абай акын өз элин тилектештикке көп чакырганы айтылат. Ал "эгер казактын уул-кыздары бири-бирине пикирлеш, ыктымактуу болбосо, башка нерсенин баары бир тыйынга татыбайт" деп айткан экен.

Кыргыз алданса алып түшөт же көктүгүнөн өлүп берет. Мар Байжиевдин нускасы

Токаевдин пикиринде, Абайдын бул сөздөрү бир гана казак эмес, өнүгүп-өсүүнү каалаган ар бир элге жол көрсөткүч боло алат.

468
Белгилер:
эл, макала, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Тема боюнча
Азыркы азалуу Ата Журт, эртеңки айт... Бул күндөрдүн артында улуу жакшылыктар бар
Футболисттер машыгып атат. Архивдик сүрөт

КРдеги футболдук үч клубга айып салынды. Машыктыруучу 50 миң сом төлөйт

0
Дисциплинардык комитет оюн талаасында күч колдонгон, үчтөн ашык эскертүү алган жана маалымат жыйынга катышпаган тараптарга айып салды.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Бир катар жергиликтүү футболдук клубдарга айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз футбол кеңешинен (КФК) билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган бирикменин дисциплинардык комитети "Алай" футбол клубунун машыктыруучусу Бакыт Маматовго 50 миң сом айып пул салып, алты айга спорттук ишмердүүлүккө катышууга тыюу салды.

Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов УЕФАнын мелдешинде ойнойт

КФК эреже бузган "Алга" клубун 2000 сомго, "Алай" командасын 3500 сомго, "Абдыш-Атаны" 2000 сомго төлөмөр кылган.

Алар оюн талаасында бирөөгө карата күч колдонуп, үчтөн ашык эскертүү алып, уюштурулган маалымат жыйындарына катышкан эмес.

 

0
Белгилер:
клуб, айып пул, футбол, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов УЕФАнын мелдешинде ойнойт
Шоро премьер-лигасынын беттештеринде тең чыгышты. Күйөрмансыз оюндар
Криштиану Роналду эзелки атаандашы Лионель Мессинин клубуна өтөбү?