Мониторлор. Архив

11 млн. казакстандыктын жашыруун маалыматы жайылып кеткен. Себеби айтылууда

136
(жаңыланган 14:31 09.07.2019)
Медициналык компаниянын бул чатакты иликтөө боюнча тартип коргоо органдарына материал даярдап жатканы кабарланды.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Казакстандагы Damumed компаниясы жарандардын жашыруун деген маалыматы чын эле интернетке жайылгандыгын тастыктады. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Анын себеби ресурска катталбаган колдонуучунун кириши болду деген алдын ала божомол айтылды.

Эске салсак, буга чейин 11 миллионго чукул казакстандыктардын жашыруун делген жеке маалыматы интернетке тарап кеткени маалымдалган.

"ДАМУ" деп аталган маалыматтык технологиялар боюнча борбордун атынан билдирем, жарандар боюнча жашыруун делген маалыматтар үчүнчү тараптарга берилип кеткен. Ал Damumed деп аталган медициналык маалымат системасына кире алган адам аркылуу болгон", — деп Damumed компаниясынын Facebook баракчасына жарыяланды.

Мындан сырткары, медициналык компаниянын бул чатакты иликтөө боюнча тартип коргоо органдарына материал даярдап бергени жатканы кабарланды.

Киберсоккуларды иликтөө жана анализдөө боюнча борбордун адистери «жарандардын медициналык маалыматтары ал ресурска катталбаган колдонуучу киргендиктен улам тарап кетиши мүмкүн» дешти.

"Мындан бир нече күн мурда биздин борборго жана башка бир нече уюмдарга ири чатак — бир нече миңдеген пациенттердин медициналык маалыматтарынын интернетке тарап кетиши туурасында жашыруун кабар келген. Анын себеби жөнөкөй эле катачылык болуптур. Damumed клиникасынын медициналык документтери сакталган ресурска катталбаган колдонуучу киргендиктен келип чыгыптыр", — деп айтылат жарыяланган маалыматтарда.

Борбордун адистери бул чырды Санарипти өнүктүрүү, коргонуу жана аэрокосмос өнөр жайы боюнча министрликтин жетекчиси Аскар Жумагалиев жеке көзөмөлүнө алып, күнөөлүүлөр жазаланарына үмүт артып турушат.

Жашыруун маалыматы тарап кеткендер Казакстандын бойго жеткен жашоочулары экени айтылууда.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин Жумагалиев бул окуяга комментарий берип, тартип коргоо органдары иликтөө иштерин баштаарын айтты.

136
Белгилер:
министр, маалымат, Казакстан
Тема боюнча
Казакстандагы 11 миллион кишинин жеке маалыматы интернетке тарап кетти