Казакстандын билим берүү министринин орун басары Элмира Суханбердиева

Казакстандын билим берүү министринин орун басары соттолду

163
(жаңыланган 11:40 10.07.2019)
Сот прокурордун айыптоолорун негиздүү деп тапты.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Казакстандын билим берүү министринин орун басары Элмира Суханбердиевага карата соттун өкүмү чыкканын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Сот прокурордун койгон бардык айыптарын негиздүү деп тапты. Ошентип Суханбердиевага 16,2 миң доллар айып салынып, 30 миң долларлык үй-мүлкү камакка алынды. Эми ал өмүрүнүн аягына чейин мамлекеттик кызматтарда жетекчилик орундарда иштей албайт.

Суханбердиева кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу жана ишкердик менен мыйзамсыз алектенген деп айыпталган.

163
Белгилер:
сот, билим берүү, Казакстан
Тема боюнча
Абийири кеткен аттестат. Эми Кочкордо берилген документтен ката табылды