Сойкулар. Архивдик сүрөт

Алматыда кыргызстандык кыздар сойку болуп иштеп жүргөн жай табылды

569
(жаңыланган 15:42 11.07.2019)
Полициянын билдиргенине караганда, сойкулук кызматты көрсөткөн жерге 47 жаштагы аял кожойкелик кылган.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Алматы шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандан келген кыз-келиндер денесин сатып иштеген жайды табышты. Бул туурасында аталган калаанын полиция департаментинен кабарлашты

Маалыматка караганда, көзгө анча уруна бербеген мейманкана Алатау районунан табылган.

"Кечки саат 11лерге жакын мезгилде ал жерде "иштеп" жаткан 19 кыз кармалды. Текшере келгенде алардын экөө Өзбекстандан, дагы экөө Кыргызстандан келгени анык болду", — деп айтылат маалыматта.

Полициянын билдиргенине таянсак, кыздар денесин сатып иштеген жайга алматылык 47 жаштагы аял кожойкелик кылган. Ал ошол мейманкананын администраторунун кызматын аткарган.

1-июлдан тарта Алматынын акиминин буйругу менен шаардын бир катар жерлеринде ыкчам-алдын алуу иштери жасалган. Көңүлгө "Алматы-1" деп аталган темир жол бекети менен Сейфуллин проспектисинин аймагы илинген. Жыйынтыгында 609 адам кармалса, анын ичинен 433ү денесин сатып жүргөндүгү айтылган.

Административдик жоопкерчиликке 250 адам тартылган жана денесин сатып иштегендердин ири жайы жабылган.

569
Белгилер:
полиция, айып, сойкулук, Өзбекстан, Казакстан
Тема боюнча
Ошто сойкулук боюнча 32 факт аныкталды
Сойкуканага кыз сатчумун. Бишкектин абагындагы аялдардын жашоосунан баян