"Дуба жандыртам" деген карыя шылуундарга акчасын алдырды. Казакстандагы окуя

Жазылуу
Моюну ооруп жүргөн абышка шылуундарды теледеги жарнама аркылуу тапкан.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Казакстандын Павлодар облусунун 89 жаштагы тургуну моюнун көптөн бери какшатып жүргөн оорудан кутулам деп шылуундарга 848 миң теңгесин (153 миң сомдун тегереги) алдырып ийди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, пенсионер полицияга 12-июль күнү кайрылган.

"Моюну көптөн бери ооруп жүргөн абышка теледен жарнама көрүп калат. Анда "кара дубаны жок кылам" деп айтылгандыктан, дароо эле экранда көрсөтүлгөн телефонго чалат. Эртеси күнү Мария жана Галина аттуу аялдар келип, аны чын эле абышканы окутуп коюшканын айтып, суюк самын, кулпу, туз жана акча керектигин айтышат", — деп жазылат макалада.

Коррупция в КР - Sputnik Кыргызстан
Балдарды Түркияга жиберем деп ата-энелерди сызга отургузган аял кармалды. Сүрөт
Бир нече күндөн кийин карыя айтылган нерселерди жана 848 миң теңге көтөрүп барат. Мария аттуу аял аны кармалап, дубаны жандырып салганын айтат.

Бирок көп өтпөй моюну кайра ооруй баштаганда алданып калганын сезип, полицияга кайрылган.

Учурда тартип сактоо органдарынын өкүлдөрү иликтөө иштерин жүргүзүп, шылуун аялдардын мыйзамсыз иштерин аныктоо аракетинде иштеп жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0