БИШКЕК, 16-июл. – Sputnik. Өзбекстанда аткаминерлердин айткандарын аткарган же аткарбаганына байкоо салып туруучу сайт ачылды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.
Сайт аркылуу каалаган жаран мамлекеттик кызматкерлердин буга чейинки берген убадасын канчалык деңгээлде өз учурунда аткарылгандыгына көз салып тура алат.
Кабарда бул маалыматтар vada.uz сайтына жайгаштырылганы айтылды.
Масален, сайтта "Жол кайгуул кызматы жана Кайгуул нөөмөт кызматы жыл аягына чейин (экинчи ирет жасалган аракет менен) бодикамера алышы керек, Министрлер кабинетинин аппараты. Маалыматтын абалы — аткарылып жатат. Дедлайн - 2019-жылдын 31-декабрына чейин" деп жазылып турат.Ал эми Массалык коммуникация жана маалымат агенттигинин жетекчиси Комил Алламжоновдун журналисттер үчүн улуттук ID-карталарды киргизүү убадасы аткарылган эмес. Иш 2019-жылдын 1-июнунда жасалып бүтүшү керек болчу.
Сайтты иштеп чыккандар алардын түзгөн системасынын аркасынан эл аткаминерлердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп тура алат деген үмүттө.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Нур-Султан шаарында 14 жашка чейинки балдар арасында коронавирус жуктургандардын саны үч эсе көбөйүп, шаардын санитардык дарыгерлери коңгуроо кагууда. Бул тууралуу шаардын мамлекеттик санитардык башкы дарыгери Сархат Бейсенованын айтымына таянып Sputnik Казакстан кабарлады.
Белгилей кетсек, эпидемиологиялык абал боюнча Нур-Султан шаары бир айдан бери кызыл зонада. Калаада күн сайын 350дөн 650гө чейин жаңы учур катталууда.
"14 жашка чейинки балдар арасында коронавирус жуктургандардын саны апрелде тездик менен өсүп, үч эсеге көбөйдү. Алсак, январда 571, февралда 479, мартта 1 106 болсо, апрелде 1 790го жетти. Балдар эле эмес чоңдор арасында да ооругандардын саны көбөйдү. Ошол эле учурда мектептерде чектөө киргизилгенден улам апрелде окуучулар арасында оору жуктургандар 0,8 пайызга азайган", — деген Бейсенова.
Буга чейин ал коронавирус 3 жаштан 10 жашка чейинкилер арасында көп табылып жатканын айткан. Башкы дарыгер мартка салыштырмалуу апрелде улгайгандар арасында да коронавирус илештиргендердин саны 2,2 пайызга өскөнүн кошумчалады.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстан Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, электр энергиясы өлкөгө импорттоло баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.
Эске салсак, бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычындагы суу былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард куб метрге аз. Бул өлкөгө электр энергиясын сырттан алып келүү зарыл дегенди түшүндүрөт.
"Товар алмашуу шарты менен биз Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат алуу тууралуу сүйлөштүк. Электр энергиясы импорттоло баштаган. Бул иш быйыл жана кийинки жылдын биринчи кварталына чейин уланып, жай мезгилинде тыныгуу болуп турат. Электр энергиясын кайтарып берүү жайында башталып, карызды үч жылдын ичинде берип бүтүп калабыз", — деди Турдубаев.
Ал быйыл Казакстан Кыргызстандын энергосистемасына 900 миллион киловатт-саат бере турганын белгилеп, коңшуларга кайра Токтогул суу сактагычына эквиваленттик көлөмдө суу топтоп, камсыздап бере турганын кошумчалаган. Муну менен Кыргызстан үч жылдын ичинде миллион киловатт-сааттык сууну коё берип, ошону менен кутулат.
Экономисттер Россия бийлиги жасаган кадамдардын шарапаты Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөсүнө да тийиши мүмкүндүгүн айтууда.
Россиядагы бензиндин баасын тизгиндөө иши ЕАЭБ өлкөлөрүнө да таасирин тийгизерин Sputnik иликтеп көрдү.
Россиянын Финансы жана Энергетика министрликтери Россиянын ички отун рыногу үчүн демпфердик механизмдин чен өлчөмдөрүн жөнгө салуу боюнча өз ара макулдашты. Бул туурасында аталган ведомствонун шейшемби күнү, 20-апрелде, биргелешип жасаган билдирүүсүндө айтылган.
1-майдан тарта ички рынок үчүн бензиндин индикативдик наркы (өкмөт аныктаган дүң баа — ред.) өзгөрүп, ал 4 миң рублге чейин түшөт. Учурда анын баасы бир тоннасына 56,3 миң сом. Мындан сырткары, 2023-жылдын 1-январынан тарта бензиндин базалык наркы жыл сайын азыркы 5 пайыздын ордуна 3 пайыздан гана индексация болуп турат.
Демпфер биринчи ирет 2019-жылы ишке кирген. Максат — 2018-жылдагы отун кризисинин кайрадан кайталанышына жол бербөө эле. Анда мунайдын дүйнөлүк рынокто кымбаттап кетишинен улам Россияда бензиндин наркы жогорулап, өкмөт нефть компаниялары менен сүйлөшүп, бааны "тоңдуруп" коюуга аргасыз болгон.Демпфердик механизмде чет жактагы кымбат мунайдан улам нефтини кайра иштетүүчү россиялык компаниялар кенемте алат, төлөгөн салыгынын кайсы бир бөлүгү аларга кайтарып берилет. Бул төлөмдөр мунайчыларга дүйнөлүк баадан чочулабай, продукцияны ички рынокко алып келүүгө түрткү берет.
Мындай система бензиндин баасын өзүнүн чен өлчөмү менен гана көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мунайдын наркы инфляциянын жылдык деңгээлинен жогору өспөйт (2020-жылы өсүш 2,5 пайызды түзгөн, бул инфляциядан эки эсе төмөн), бирок дүйнөлүк баа ылдыйлаганда арзандабайт. Ошентип баа кескин "чайпалганда" да ички рынок корголгон боюнча калат.
Демпфердин өзү индикативдик эсеп жана сырткы рыноктогу актуалдуу баа менен каралат. Индикативдик баанын боло турган төмөндөөсү (тоннасына 56,3 миң рубль) деген нерсе, продукцияны дүйнөлүк баанын шартында ички рынокко алып келгенде мунайчылардын (компаниялар) кайра кайтарылган төлөмдү көбүрөөк алгандыгы. Sputnik собол узаткан эксперттердин пикиринде, мындай кадам Россиянын ички рыногунда бензиндин баасынын көтөрүлүшүн токтотууга мүмкүнчүлүк берет.
"Өкмөт кенди казууга коюлган салыкты жогорулатат. Ал арада рубль түшүп, нефть кымбаттоодо. Эгерде индикативдик бааны ылдыйлатпаганда, өлкөнүн ичине ташып келүү демпфер жасаганда деле пайдасыз болуп калмак. Андыктан муну рыноктун учурдагы шарт-абалына ылайыкташтырышты. Бензин эми арзандабай калды, бирок анын кымбатташы, кыязы, жакынкы күндөрү токтошу мүмкүн", — деген божомолун айткан Улуттук энергетика институтунун директорунун орун басары Александр Фролов.
Быйылкы жылдын башынан тарта Евразиялык экономикалык биримдиктин мамлекеттеринде да бензиндин баасы асмандаган.
Өткөн жылы АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир литрине Арменияда 2,64 пайызга, Кыргызстанда 4,3, Казакстанда 6,5, Беларуста 1,4 пайызга өскөн.
Ушул эле мезгилде АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир литрине Арменияда 6,2 пайызга, Кыргызстанда 6, Казакстанда 7,9, Беларуста 1,16 пайызга көтөрүлгөн.Армения менен Кыргызстандын рыногундагы мындай абал бул мамлекеттердин нефтини өз алдынча кайра иштетпегендигинен, аны Россиядан сатып алгандыгынан улам жаралган. Андыктан аталган продукциянын наркы мунайды кайра иштетүүчү россиялык заводдор берген баага байланыштуу болот.
Демпферди жөнгө салуу Россиянын рыногун тойгузушу, тагыраагы, толук камсыздашы керек. Ошондо гана Кыргызстанга бериле турган россиялык бензиндин наркынын түшүшүнө жагымдуу шарт түзүлөрүн Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирген.
"Кыргызстанда бензиндин кымбатташы Россия рыногундагы дефициттин кесепети. Россияда нефть продукцияларынын тартыштыгы байкалары менен баа бир аз көтөрүлө түшөт. Бизде да мындай көрүнүш кездешип жатат, бирок бул Кыргызстанда масштабдуу болууда. Себеби бизде демпфер жок эмеспи. Кыргызстандагы нефтетрейдерлер анча кубаттуу эмес, алардын мунайды көп көлөмдө сактап турууга шарты жок, бааны жөнгө салууга кудурети жетпейт. Демпфердин жаңы чен-өлчөмдөрү бизге да шарапатын тийгизет деп өтө ишенип турабыз. Россияда бул жаатта тартыштык жок болсо, Кыргызстан бензинди арзаныраак ала баштайт", — деп түшүндүргөн Сыдыков.
Дал ушундай эле көз карашын Кыргызстандагы Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов да билдирген. Анын айтымында, өлкөдөгү отун рыногу Россия рыногунун артынан эле ээрчийт.
"Россия продукция берген бирден-бир тарап болгондуктан, биздин рынок Россияныкынан толук көз каранды. Эгерде аларда баанын өсүшү токтосо, бир нече жума айырма менен бизде да ошондой абал болуп, турукташат. Россиялык заводдор пайдалуу кенди казганы үчүн ири салыктарды төлөгөндүктөн, жыл башынан тарта бензиндин сатык баасы 4-6 пайызга өсүп кетти. Эгерде салыкчылар көбүрөөк акча кайтарып берсе, мунайды кайра иштеткен заводдор продукцияны бир аз арзаныраак сата баштайт", — деген Эшатов.
Арменияда деле ушундай абал. Республиканын рыногундагы отун продукцияларынын баасын Кыргызстандагыдай эле факторлор аныктап жатат. Алар да мунайда кайра иштете албагандыктан Россиядан келе турган нефтиге көз каранды болуп отурат.
Ал эми Казакстанда абал, тескерисинче, жергиликтүү кубаттуулуктан улам отунга болгон бардык муктаждыктарын жаап алган. Эгерде 2018-жылга чейин ачык түстөгү мунай заттарын (бензин, керосин жана дизель – Sputnik) Россиядан арбыныраак, 500 миңден 1 миллион тоннага чейин алып турган. Бирок кийинки убакта кадыресе азайтканын (2019-жылы 20 миң тоннага жакын, ал эми 2020-жылы 2 миң тоннанын тегерегинде) экономикалык баяндамачы Сергей Домнин айтып берди.
"Казакстан менен Россиянын экономикасындагы, нефть рынокторундагы өз ара байланыштарга жана жалпы чек арага карабастан обочолонуп турат. Өлкөлөрдө мунай зат боюнча рыноктун ар башка схемадагы иши, кайра иштеп чыгуудагы баалардын ар түрдүү болушу, акциз төлөмдөрү жана бензиндин чекене баасы ар башка. Казакстанда бензин ички факторлордон улам кымбаттоодо (мунай заттары менен нефтинин экспортунун көбөйүшү, салыктын өсүшү — ред.). Андыктан Россия рыногундагы кырдаал бизге таасирин тийгизе албайт", — деп эсептейт Домнин.Россиядагы демпфер Беларустагы бензиндин кымбатташын токтото алышы арсар. Республика продукцияны мунайды кайра иштетүүчү эки заводдон чыгарат. Алар ички муктаждыкты канааттандыра турган көлөмдө (ал тургай экспортту да) гана өндүрөт.
Январдан февралга чейин 1,68 миллион тонна мунай продукцияларын сыртка саткан. Бул былтыркыга караганда 2,3 эсе көп. Ири импортёрлор Украина (546,5 миң тонна), Европа биримдиги (940,2 миң тонна) жана Улуу Британия (138,7 миң тонна) болгон.
Беларусь стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти Алексей Авдониндин айтымына караганда, аларда бензиндин кымбаттап кетишине мунай заттарынын дүйнөлүк кымбаттоосу таасир этти. Ал эми Россиядагы демпферди жөнгө салуу бул тенденцияны өзгөртө албайт.
Россиянын вице-премьери Александр Новактын суроо-талап кайнап турган учурда бензиндин сыртка чыгарууга тыюу салынбайт деген билдирүүсү Россиянын ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрүнүн абайлаган оптимизмин жандандырышы мүмкүн.
"Бул маселени жакында талкуулайбыз. Энергетика, Экономикалык өнүгүү министрликтеринин, Монополияга каршы федералдык кызматтын сунуштарын угуп, чечимди биргелешип кабыл алабыз. Себеби анын терс таасирлери болушу мүмкүн, тагыраагы, компаниялар өндүрүш көлөмүн төмөндөтүп жибериши ыктымал", — деп айтканын "Интерфакс" агенттиги жазган.
ЕАЭБ мамлекеттерине мындай тыюу салуу киреби же жокпу Новак так айткан жок.
Sputnik сурамжылаган эксперттердин пикиринде, экспорттук кандай гана чектөөлөр болбосун соңку жылдардагы тажрыйба көрсөткөндөй Бажы биримдигинин курамындагы мамлекеттерге тиешелүү болбойт.
Мындай болгон учурда Армения менен Кыргызстанга бериле турган бензиндин көлөмү азайбастан, көбөйүшү мүмкүн. Жыйынтыгында демпфердин жаңыланышы менен кош натыйжа болуп, отун рыногу толот. Бул — бензинди эң акыркы болуп колдонгондордун чөнтөгүнө, тагыраагы, бензиндин баасына оң таасирин тийгизет.