Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымуxамедов. Архив

Түркмөнстан элчилиги Бердымуxамедов көз жумду деген кабарды четке какты

1732
(жаңыланган 09:31 22.07.2019)
Ал 12 жылдан бери Түркмөнстанды башкарып келе жатат.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Түркмөнстандын Россиядагы элчилиги аталган өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымуxамедовдун каза болгондугу туурасында кабарды жокко чыгарды. Бул туурасында RT билдирди.

"Бул калп жана мындай маалыматтарды жокко чыгарабыз", - дешкен элчиликтен.

Буга чейин бир катар ЖМКлар Гурбангулы Бердымуxамедов көз жумду деген маалыматтарды жазып жиберген. Анда Ашxабаддагы бизнесменге жана атайын кызматтарга шилтеме жасалган. Анын бир катарларында өлүмдүн себеби бөйрөк оорусу деп жазылган.

Бердымухамедовдун 15-июлда эмгек өргүүсүнө чыкканы айтылды.

Ал 2007-жылдын 14-февралынан, тагыраагы, 12 жылдан бери аталган өлкөнү башкарып келе жатат. Президенттик ага Сапармурат Ниязов — Түркмөнбашыдан өткөн. Түркмөнстандын президенти болуп соңку жолу 2017-жылдын февраль айында шайланган. Ага сегиз талапкер катышып, Бердымухамедов жеңип чыккан.

Бердымухамедов 1957-жылы 29-июнда Ашхабад облусундагы Көкө-Тепе районундагы Бабарап айылында туулган.

Мамлекеттик жана саясий ишмер, Түркмөн министрлер кабинетинин төрагасы, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы. Медицина жана экономика илимдеринин доктору, Түркмөнстандын илимдер академиясынын академиги. 2007-2013-жылдары Түркмөнстандын демократиялык партиясынын лидери болгон.

Ал дүйнө коомчулугуна президенттиктен сырткары бир нече өнөрлөрү менен белгилүү. Ок атып, гитара чертип, ырдап, ат жалында ойноп, дрифт кылып, ал тургай рэп ырдаган мезгилдери болгон.

1732
Белгилер:
Гурбангулы Бердымухамедов, президент, Түркмөнстан
Тема боюнча
Гурбангулы Бердымухамедов ахалтекин аргымагына арнап рэп ырдады
Түркмөнстандын президенти Жаңы жылга карата үч тилде ырдады. Видео
Кыргызстанга Өзбекстандан гуманитардык жардам келгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди

Өзбекстан Кыргызстанга учак менен 8 тонна гуманитардык жардам алып келди. Сүрөт

255
(жаңыланган 11:16 04.07.2020)
Коңшу өлкө кычкылтектин мобилдик концентратын жана өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараттарын берген.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстанга Өзбекстандан гуманитардык жардам келгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

  • Передача гуманитарного груза Узбекистаном Кыргызстану
    Кыргызстанга Өзбекстандан гуманитардык жардам келгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди
    © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
  • Передача гуманитарного груза Узбекистаном Кыргызстану
    Бул Кыргызстандын жана Өзбекстандын президенттеринин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында ишке ашырылганы айтылат
    © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
  • Передача гуманитарного груза Узбекистаном Кыргызстану
    Жүк өзүнө 50 комплект кычкылтектин мобилдик концентратын жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу 100 даана аппаратын камтыйт
    © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
  • Передача гуманитарного груза Узбекистаном Кыргызстану
    Жалпы салмагы сегиз тонна болгон гуманитардык жүк авиакаттам аркылуу бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу менен жеткирилди
    © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
  • Передача гуманитарного груза Узбекистаном Кыргызстану
    Кыргыз өкмөтү өзбек өкмөтүнө көрсөтүлгөн көмөгү жана бир тууган өзбек элинин колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирди.
    © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
1 / 5
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Кыргызстанга Өзбекстандан гуманитардык жардам келгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди

Бул Кыргызстандын жана Өзбекстандын президенттеринин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында ишке ашырылганы айтылат.

"Жүк өзүнө 50 комплект кычкылтектин мобилдик концентратын жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу 100 даана аппаратын камтыйт. Жалпы салмагы сегиз тонна болгон гуманитардык жүк авиакаттам аркылуу бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу менен жеткирилди", — деп айтылат маалыматта.

Имарат берип, жабдуу таап, медик чогултуп... Эл ооруга каршы бир муштумга түйүлгөндө

Кыргыз өкмөтү өзбек өкмөтүнө көрсөтүлгөн көмөгү жана бир тууган өзбек элинин колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Коронавирус боюнча кырдаал

Өлкө боюнча COVID илештирип алгандардын жалпы саны 7094. Анын 2714ү айыгып, тилекке каршы, 78 киши көз жумду.

Коронавирустун кесепетинен келип чыккан пневмония оорусуна март айынан бери 3009 адам чалдыкты. Бүгүнкү күндө анын 736сы айыгып чыкты. Ал эми 496 адамдын абалы оор, 153 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Ноокаттык медиктер кан куюп COVID-19дан айыктырышууда. Дарыгер Марипов менен маек

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

255
Белгилер:
каражат, медициналык препараттар, гуманитардык жардам, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Азайбай койду. Дагы 71 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды
Ооругандарга салыштырмалуу аз... Коронавирустан 59 бейтап айыкты
Бишкектеги шайлоо участогундагы автоматташтырылган үкөк. Архив

БШК 21 млн сомго тендер жарыялады. Акча эмнеге жумшалат?

76
(жаңыланган 10:06 04.07.2020)
Мамлекеттик орган ал каражатка шайлоого тиешелүү баннер, жабдуу, кеңсе товарларын аймактык шайлоо комиссияларына жана участокторуна жеткирет.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы 21 миллион сомдон ашык акчага тендер өткөрөт. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталына чыкты.

Ага ылайык, БШК 21 миллион 121 миң 200 сомго шайлоого тиешелүү баннер, жабдуу, кеңсе товарларын аймактык шайлоо комиссияларына жана участокторго жеткирүүнү көздөп жатат.

Жээнбеков парламенттик шайлоо өткөрүү жарлыгына кол коюп, күнүн белгиледи

3-июлда жарыяланган тендер 24-июлда соңуна чыгат. Жеңүүчү тарап өз автоунаасы менен 1-августтан 6-октябрга чейин 60 миң чакырым жол жүрүп, жүргүнчү жана жүк ташуу менен алектенет.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке шайлоону 2020-жылдын 4-октябрына белгилөө тууралуу президенттин Жарлыгы 3-июлда күчүнө кирди.

76
Белгилер:
депутат, акча, тендер, шайлоо, БШК
Тема боюнча
Бекматов: саясий партиялар үгүт иштерин 50 пайызга чейин онлайн өткөрөт
Боронов партияларга: шайлоого коротчу акчаңарды COVID менен күрөшүүгө бергиле
Сыра ичип жаткан адамдар. Архив

Мексика да бар. Кыргызстан сыра сатып алган өлкөлөрдүн тизмеси

0
(жаңыланган 09:07 05.07.2020)
Сырттан келген 327,9 миң литр сыранын баасы бир жарым миллион доллардан бир аз ашкан (110,1 миллион сом). Ал эми өткөн жылдын төрт айында аталган ичимдик 2,5 миллион литр көлөмүндө келген.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстанга төрт айда чет өлкөдөн 2 миллион 327,9 миң литр сыра алып келинди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Аталган товар төмөндөгү мамлекеттерден импорттолгон:

  • Германия — 7,2 миң литр;
  • Казакстан — 229,6 миң литр;
  • Литва — 4,4 миң литр;
  • Мексика — 12 миң литр;
  • Нидерланддар — 23,8 литр;
  • Россия —2 миллион 75,6 миң;
  • Финляндия — 864 литр;
  • Чехия — 115,8 литр.

Кыргызстан төө буурчакты Түркиядан башка дагы 24 өлкөгө сатат. Тизме

Ал товарлардын жалпы баасы бир жарым миллион доллардан бир аз ашкан (110,1 миллион сом).

Өткөн жылы төрт айда КРге башка мамлекеттерден 2,5 миллион литрдей сыра келген.

0
Белгилер:
статистика, сыра, импорт, Кыргызстан
Тема боюнча
Жыл башынан бери өлкөдө өндүрүлгөн эт, сүт жана жумуртка. Статистика
Былтыр кыргызстандык ишкерлер канча киреше тапкан. Статистика
Кыргызстанга инвестиция жасаган өлкөлөр жана акчанын көлөмү. Статистика