Жээнбеков кесиптеши Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

Жазылуу
Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиёев быйыл 62 жашка чыкты.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен телефон аркылуу куттуктады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жээнбеков Мирзиёевди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, бакубаттык жана мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады", — деп айтылган билдирүүдө.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Палоо басып жаткан Шавкат Мирзиёев. Сүрөт
Мирзиёевдин Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, достукту жана ынак кошуналык мамилелерди бекемдөөгө кошкон олуттуу салымы белгиленген.

"Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты, өз ара иштешүүнүн бардык багыттары боюнча кыргыз-өзбек мамилелеринин ыкчам өнүгүп жаткандыгын белгилешти", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиёев быйыл 62 жашка чыкты.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0