Манаста төрөлүп, энесинен эрте ажыраган... Шавкат Мирзиёев тууралуу 8 факты

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын прзедиенти Шавкат Мирзиёев. Архив
Өзбекстандын прзедиенти Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу Өзбекстан өлкөсүнүн башчысы Шавкат Мирзиёев бүгүн, 24-июлда, 62 жашын белгилеп жатат.

Президенттин туулган күнүн утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги ал тууралуу кызыктуу фактыларды топтоду.

Манас айылында төрөлгөн. Шавкат Мирзиёев 1957-жылы 24-июлда Өзбекстандын Жиззах облусунун Зааминс районундагы Манас деген айылда төрөлгөн. Айрым маалымат булактары Мирзиёевдин үй-бүлөсү Өзбекстанга 1960-жылдары барганын, ал Тажикстандын Уратюбинск облусунун Яхтан кыштагында төрөлгөнүн жазып жүрүшөт.

Энесинен эрте ажырап... Болочок ажо дарыгерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Миромон Өзбекстандын Заамин районундагы кургак учук боюнча аймактык оорукананы башкарса, апасы ошол эле ооруканада медайым болуп эмгектенген. Бирок энеси көп жашаган эмес. Кургак учук илдетине кабылып каза болуп, Мирзиёев эки карындашы менен жетим калышкан. Кийин атасы татар кызына үйлөнүп, андан эки балалуу болгон.

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүБолочок ажо дарыгерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Миромон Өзбекстандын Заамин районундагы кургак учук боюнча аймактык оорукананы башкарса, апасы ошол эле ооруканада медайым болуп эмгектенген.
Манаста төрөлүп, энесинен эрте ажыраган... Шавкат Мирзиёев тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Болочок ажо дарыгерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Миромон Өзбекстандын Заамин районундагы кургак учук боюнча аймактык оорукананы башкарса, апасы ошол эле ооруканада медайым болуп эмгектенген.

Илимий агартуучу. Мирзиёев 24 жашында Ташкентте ирригация жана мелиорация боюнча айыл чарба институтун аяктап, инженер-механик адистигине ээ болгон. Окуусун аяктаган соң ошол эле институтта кичи илимий кызматкер болуп иштеп, техника илимдеринин кандидатына чейин жеткен. 35 жашында ошол эле институттун биринчи проректору болуп дайындалган.

46 жашында өкмөт башчы болгон. Шавкат Мирзиёевдин саясий ишмердүүлүгү акимдик кызматтан башталып, мажилистин депутаты, губернатор да болуп иштеген. Кызматтан кызматка көтөрүлүп отуруп 46 жашында Өзбекстандын мурдагы ажосу Ислам Каримовдун сунушу менен өкмөт башчы болуп дайындалган.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевШавкат Мирзиёев жубайы Зироатхон Хошимова менен Ташкенттеги Айыл чарба институтунан табышкан.
Манаста төрөлүп, энесинен эрте ажыраган... Шавкат Мирзиёев тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Шавкат Мирзиёев жубайы Зироатхон Хошимова менен Ташкенттеги Айыл чарба институтунан табышкан.

Жубайы. Шавкат Мирзиёев менен Зироатхон Хошимова Ташкенттеги Айыл чарба институтунан табышкан. Институтта Мирзиёев комсомолдор комитетинин катчысы, ал эми Хошимова жакшы окуган студенттердин бири экен. Окуу жайдагылар аларга суктанып, жарашыктуу жана интеллигенттүү түгөйлөр деп атап коюшчу дешет. Бирок экөөнүн баш кошуусуна кыз тарап каршы болгон. Айрыкча Зироатхондын чоң атасы менен чоң апасы макул болбой, жаштар Мирзиёевдин өжөрлүгүнүн аркасы менен сүйүүсүнө жеткен. Мирзиёевдин кайнатасы Махмуджон Хошимов шаардын кадыр-барктуу адамдарынын бири болгон. Убагында ал Орто Азиянын Кокондогу темир жол камсыздоо бөлүмүн жана "Дорресторан" вагон ресторандарын башкарган. Айрым маалыматтар боюнча, атасы Фергана өрөөнүндөгү эң бай кишилердин бири болчу.

Балдары. Өзбекстан президентинин Шахноза жана Саида аттуу эки кызы жана Даврон аттуу уулу бар. Эки кызы тең турмушка чыккан. Кичүүсү Шахноза Өзбекстандын Мектепке чейинки билим берүү министрлигиндеги бөлүмдөрдүн биринин жетекчисинин орун басары экени айтылган. Ал эми улуу кызы Саида 2019-жылдын апрель айында республикадагы Маалымат жана массалык коммуникация боюнча агенттиктин директорунун орун басарлыгына дайындалган. Ажонун уулу сүрөттөрдө мектеп курагында экени көрүнүп турат. Баса, Шавкат Мирзиёевдин кенже күйөө баласы Отабек Умаров жакында эле автоунаасынын ылдамдыгын жогорулатып айдаганы үчүн миллиондук айыпка жыгылган. Отабек 2017-жылы кайнатасынын — президенттин күзөт башкармалыгынын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалган.

© AP Photo / Anvar Ilyasov / PoolӨзбекстан президентинин Шахноза жана Саида аттуу эки кызы жана Даврон аттуу уулу бар. Эки кызы тең турмушка чыккан. Баласы мектеп окуучусу
Манаста төрөлүп, энесинен эрте ажыраган... Шавкат Мирзиёев тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан президентинин Шахноза жана Саида аттуу эки кызы жана Даврон аттуу уулу бар. Эки кызы тең турмушка чыккан. Баласы мектеп окуучусу

Камкор ата. Быйылкы орозо аяктар алдында Шавкат Мирзиёевдин аш басып жаткан сүрөтү интернет айдыңына чыкты. Аны кызы Саида Мирзиёева өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына жайгаштырып, "кээде атам биздин үй-бүлөлүк майрамдагы дасторконго ашты өзү басат, биз жардам беребиз" деп жазып койгон. Өзбек ажосу буга чейин "дем алыш күндөр үй-бүлө, бала-чакага арналуусу зарыл" деген максатта мамлекеттик кызматкерлер ишембиде саат 17.00гө чейин иштеп, жекшемби күнү таптакыр ишке келбеши керек деген талап койгон. Ошондой эле кыздардын эрте турмушка чыгуусуна да тыюу салган.

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүМирзиёев 2016-жылкы президенттик шайлоодо элдин 88,61 пайыз добушун алып жеңишке жеткен.
Манаста төрөлүп, энесинен эрте ажыраган... Шавкат Мирзиёев тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Мирзиёев 2016-жылкы президенттик шайлоодо элдин 88,61 пайыз добушун алып жеңишке жеткен.

Президенттиги тууралуу. Мирзиёев 2016-жылкы президенттик шайлоодо элдин 88,61 пайыз добушун алып жеңишке жеткен. 2016-жылдын 13-декабрында парламенттин токтому менен Өзбекстандын премьер-министрлик кызматынан бошотулган. Ал эми 14-декабрда салтанаттуу түрдө ант берип, президенттик кызматына киришкен.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0