Тажикстан Рогун ГЭСин өз күчү менен эле куруп бүтмөй болду

© Фото / Пресс-служба президента ТаджикистанаСтроительство Рогунской ГЭС в Таджикистане
Строительство Рогунской ГЭС в Таджикистане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ГЭСтеги курулуш иштери 33 жылдан бери уланып келе жатат.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Тажикстан Рогун гидроэлектр станциясын эл аралык донорлордун жардамысыз эле куруп бүтүрүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Жалолиддин Нуралиевдин сөзүнө таянып Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

"ГЭСтин курулушу 1986-жылы башталган. Андыктан бир дагы эл аралык мекеме курулуштун ортосунан аралашууну каалабайт. Анүстүнө бул долбоор эл аралык финансылык уюмдардын кызыкчылыгына иштебейт", — деди Нуралиев.

Анткен менен Рогун ГЭСи иштеп чыга турган электр энергиясын экспорттоого сөзсүз сырткы күчтөрдүн жардамы керек болору айтылды.

"Электр энергиясын экспорттоо үчүн техникалык жардам керек. Бул тууралуу Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат", — деди орун басар.

Анын айтымында, ушул тапта мамлекеттик бюджетте 2017-жылы сентябрда чыгарылган баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн каражаттын бир бөлүгү бар. Курулуш иштерине дал ошону колдонуу пландалып жатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0