Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Архивдик сүрөт

Сагынбаев: чек арадагы көйгөй Жээнбековдун жеке көзөмөлүндө

106
(жаңыланган 17:54 25.07.2019)
Коопсуздук кеңешинин катчысы расмий Бишкек жана Душанбенин ортосундагы жогорку деңгээлдеги диалог активдешип жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал президент Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө экенин Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бүгүн, 25-июлда, Жээнбековдун жетекчилиги астында өткөн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу жумушчу кеңешме өттү.

Сагынбаев азыркы учурда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдары окуянын себептерин бирге иликтөө, жаңжалдын чыгышына күнөөлүүлөрдү аныктоо, келечекте чек арада чыр-чатактарга жол бербөө боюнча эки тараптуу макулдашууга жетишкенин айтты.

"Бүгүн жол ачык. Кырдаал туруктуу. Жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө", — деди ал.

Коопсуздук кеңешинин катчысы эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн деңгээлинде эксперттердин сүйлөшүүлөрү улантылып жатканын кошумчалады. Аны менен катар чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топтун 6-июлда өткөн сүйлөшүүлөрүндө акыркы эки жылда биринчи жолу маселе чечиле баштаганын эске салды.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасында чатак 22-июль күнү чыккан. Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочулары чырдаша кеткен. Ворухтун тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушканда аксайлыктар каршы чыккан. Кайым айтышуу учурунда бири-бирин ташка алып, ок атылган. Мунун кесепетинен 14 кыргызстандык жаракат алган болчу.

Ал эми 23-июлда тажик тараптан эки ирет ок атылып, кыргызстандык чек арачылардын бирөө жарадар болгон.

Кечээ жолдор жабылып, нааразы болгон эл Баткен облустук администрациясынын алдына митингге чогулган

25-июлда эртең менен тосулган жолдор ачылып, Баткен шаарына убактылуу көчүрүлүп келген 700дөй киши үйлөрүнө кайткан.

106
Белгилер:
Чыр-чатак, Жаңжал, чек ара, Дамир Сагынбаев, Сооронбай Жээнбеков, Баткен, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал (23)
Тема боюнча
Кыргыз-тажик чек арасы: автотрассалар ачылды
Чек арадагы жаңжалдан жабыркаган Ак-Сайдын тургундары митингге чыкты
Жээнбеков чек арадагы абал боюнча аткаминерлерди чогултуп жыйын курду
Ооруканада бөбөк. Архив

Өзбекстанда төрөлгөн эки баштуу сиам эгиздер 9 күн жашап чарчап калышты

122
(жаңыланган 19:30 06.07.2020)
Жарык дүйнөгө келген перзенттер жакшы дем ала албай, жүрөгү начар иштегендиктен көп профилдүү медициналык борбордо ак халатчандардын көзөмөлүндө болчу.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Өзбекстанда июнь айынын соңунда төрөлгөн эки баштуу сиам эгиздер чарчап калышты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып жазып чыкты.

Мекеменин маалыматына ылайык, өзгөчө эгиздер 27-июнда жарык дүйнөгө келип, салмагы 4,6 килограмм, бою 48 сантиметр эле.

Самаркандда сейрек кездешкен сиам эгиздери жарыкка келди. Видео

Изилдөөдөн кийин анын эки өтү бар экени, калган органдарды кадимки адамдыкындай эле жетилгени анык болгон. Жарык дүйнөгө келген перзенттер жакшы дем ала албай, жүрөгү начар иштегендиктен көп профилдүү медициналык борбордо ак халатчандардын көзөмөлүндө эле.

Жергиликтүү басылмалардын бири сиам эгиздин энеси ымыркайлардын кемтиги бар экенин үч айлык боюнда бар кезинде эле билгенин жазып чыгышты. Ага карабай ал төрөөнү чечкен.

Дарыгерлердин пикиринде, сиам эгиздеринин пайда болушуна гендик мутациялар себеп болгон.

122
Белгилер:
медицина, сиам эгиздери, Өзбекстан
Тема боюнча
Бангладеште бир баштуу сиам эгиздерин операцияга даярдашууда. Видео
Бишкекте коронавирустан көз жумган 27 жаштагы келин эгиз төрөгөн. Чоо-жайы
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуу. Архив

Жээнбеков Назарбаевди телефон аркылуу 80 жаш мааракеси менен куттуктады

56
(жаңыланган 13:51 06.07.2020)
Жээнбеков Назарбаевге чың ден соолук, бакыт жана бакубатчылык, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалаган.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын тунгуч ажосу Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин 80 жылдык мааракеси жана Казакстандын борбор калаасынын күнү менен куттуктап, Назарбаевге чың ден соолук, бакыт жана бакубатчылык, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалаган.

Нур-Султанда Елбасы университетинин алдына Назарбаевдин айкели коюлду. Сүрөт

Өлкө башчы Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, жакшы коңшулукту орнотуу жана бекемдөөдөгү жеке салымын дагы бир жолу белгилегени айтылды.

56
Белгилер:
куттуктоо, Нурсултан Назарбаев, Сооронбай Жээнбеков, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Казакстанга 19-июлга чейин күчөтүлгөн карантин киргизилди
Нурсултан Назарбаев коронавирустан айыкты. Элбашынын сейилдеги сүрөтү
Ооруканадагы кабыл алуу бөлмөнүн медициналык кызматкерлери. Архив

Калкка жардам көрсөтүү үчүн ыктыярчылар изделүүдө

0
(жаңыланган 09:17 07.07.2020)
Тандалган ыктыярчылар кыска мөөнөттүү курстардан окутулуп, аларга жеке коргонуу каражаттары толугу менен берилери айтылды.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги калкка жардам көрсөтүү үчүн жаштар арасынан ыктыярчыларды издеп жатканын жар салды.

Мамагенттиктин маалымат кызматы билдиргендей, ыктыярчыларды жумушка тартуу Улуттук Кызыл жарым ай коому жана Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте ишке ашууда.

"Ыктыярчылар Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун базасында жардам көрсөтүшөт", — деп айтылат маалыматта.

Алар медиктерге төмөнкү иштерде жардам берет:

  • имараттын ичинде аралыкты сактоо жана бет каптарды кийип жүрүү эрежелерин сактоону көзөмөлдөө;
  • социалдык тармактардын ишине;
  • статистикалык маалыматтарды электрондук форматка киргизүүгө;
  • тизмелер менен иштөөгө;
  • телефон аркылуу, онлайн кеңеш берүү боюнча иштерге.

Тандалган ыктыярчылар кыска мөөнөттүү курстардан окутулуп, аларга жеке коргонуу каражаттары толугу менен берилери айтылды.

Мамагенттик ыктыярчы болууну каалагандар үчүн Facebook баракчасына анкета толтуруунун жол-жобосун толугу менен жайгаштырган.

0
Белгилер:
эл, коронавирус, жардам, ыктыярчылар, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкекте ишкерлер менен ЖК депутаттары 5 күндүзгү стационар ачат