БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Интернет айдыңына Шымкент шаардык перинаталдык борбордо кош бойлуу келин менен анын дарыгеринин толгоо арасында бийлеген видеосу тараган. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.
Видеонун өзү борбордун Instagram-аккаунтуна жарыяланган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Бул учурда эненин - биздин Гаухардын толгоосу бышып калган. Бул ыкмабыз анын жанын кейитип жаткан толгоосун улам токтотуп турду. Бир аз күтүп туруп, жан чыдаткан оору өтүп кеткенде бийди улантып турушкан. Андан улам Гаухар жеңил төрөдү", — деп айтышкан перинаталдык жайдан.
Маалыматта дарыгердин аты-жөнү — Даулет Яминович деп жазылып жүргөнүн окууга болот.
Жарык дүйнөгө келген ымыркай Гаухардын жетинчи баласы экендиги, үйдө бөбөктү төрт эжеси менен эки агасы күтүп жаткандыгы айтылды.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 2-3-март күндөрү Казакстанга барат. Маалыматты президенттин маалымат кызматы тастыктады.
Сапардын статусу жана программасы азырынча белгисиз. Президенттик аппарат толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.
Белгилей кетсек, жакынкы күндөрү мамлекет башчынын Өзбекстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнө дагы барышы болжолдонууда.
Бул жуманын башында Россияга жумушчу сапары менен барып келген.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашкан.
Жапаров достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө бекем ниети бар экендигин баса белгилеген.
"Мамлекет башчы эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу боюнча жагымдуу шарттарды түзүү үчүн биргеликте иш алып барууга даяр экендигин билдирип, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге саламын жолдоду", — деп айтылат маалыматта.Ал эми Камилов тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде маселелер өз нугунда талкууланып жана сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады.
Ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин "Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык өз ара байланыш. Кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр" деген аталыштагы жогорку деңгээлде өтө турган эл аралык конференцияга чакыруусун жеткирди.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Киевде спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдештин финалына чыкты. Жарым финалда ал өзбекстандык спортчу Раяна Абдурасулованы 10:0 эсебинде техникалык артыкчылык менен утуп алды.
Тыныбекова эртең алтын байге үчүн украиналык Илона Прокопевнюк менен беттешет.
Кыргызстандык балбан квалификациялык этапта Мариана Састинди (Венгрия), 1/8 финалда алжирлик Амэль Хаммичени 11:0 эсебинде утса, чейрек финалдагы атаандашы Наталья Кубатыны (Польша) далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган.