Акыраны мине коём деген киши өлүп кала жаздады. Шымкенттеги видео

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүОбитатели Московского зоопарка
Обитатели Московского зоопарка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зоопарктын администрациясы полицияга кайрылып, тартип бузган адамды жазалоону талап кылууда.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Шымкент шаарында жайгашкан зоопаркта киши акыраны минип алганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Видео Facebook тармагына чыкты. Анда 27-июль күнү кыздар менен зоопаркка келген киши экзотикалык жаныбарга минип көрүүнү чечкени айтылат. Дарбазага чыгууга тыюу салган жазууну көзгө илбей, акыраны чакырып, үч метрлик тосмого чыккан да жаныбарга минип алган. Ыкка көнбөгөн жаныбар "чабандести" түшүрүп салган. Ага болбогон киши кайра минүүгө аракет кылган. Акыра аны ыргыта силкип, жакындап келе жатканын көрүүгө болот. Тартип бузган адам бери жакка өтүү үчүн дарбазадан ашып түшүп жаткан маалда жаныбарды шлангдан атылган суу менен токтотуп калышкан.

Зоопарктын жетекчилиги аталган жайга келген кыздар менен эркек киши мас болушу мүмкүн деген божомолду айтышты. Администрация полицияга кайрылып, акыра минмекчи болгон адамды жоопко тартууну талап кылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0