Алтын куймалар. Архивдик сүрөт

Ташкенттин аэропортунан 14 даана алтын куймасын жутуп алган киши кармалды

377
(жаңыланган 10:17 01.08.2019)
Ташкент — Дели багыты боюнча учууга камынган өзбек жаранына чек арадагы бажы кызматынын өкүлдөрү кошумча текшерүү жүргүзүшкөн.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Ташкенттин аэропортунан 14 чакан алтын куймаларын жутуп алып өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Өзбекстандын мамлекеттик бажы кызматына таянуу менен билдирди. 

Ташкент — Дели багыты боюнча учууга камынган өзбек жаранына чек арадагы бажы кызматы кошумча текшерүү жүргүзгөн.

"Заманбап жабдуулардын жардамы менен текшерүү учурунда кармалган киши 14 даана чоң эмес алтын куймаларын жутуп алганы аныкталган. Алардын жалпы салмагы 434 граммды түзүп, баасы 17 миң доллар (1,184 миллион сом — ред.) болгон", — деп айтылат маалыматта.

Өзбекстандын бажы кызматы алтын жана башка баалуу металлдарды аткезчилик менен алып кетүүгө аракет кылгандарды такай кармайт. Март айында эле Ташкенттин аэропортунан эки аял кармалган. Алар да баасы 15 миң доллар болгон алтын куймаларын жутуп алып, чек арадан өтүүгө аракет кылган. Негизинен аткезчилер алтындарды алып чыгууда Ташкент — Баку, Ташкент — Стамбул жана Индиянын шаарларына учкан каттамдарды көп колдонушат.

Өзбекстанда жай тургундарга беш даана алтын буюмдарды жана 30 граммдан ашпаган баалуу металлдарды мамлекеттен салыгы жок  алып чыгууга уруксат берилет. Ошол эле учурда алар бажы декларациясын толтурушу кажет.

377
Белгилер:
бажы, алтын, аткезчилик, Өзбекстан
Тема боюнча
Улуттук банктын алтын валюта резерви саат сайын 100 миң долларга өсүүдө
Ташкентте баасы миллион долларлык кенч табылды
Ооруканада бөбөк. Архив

Өзбекстанда төрөлгөн эки баштуу сиам эгиздер 9 күн жашап чарчап калышты

178
(жаңыланган 19:30 06.07.2020)
Жарык дүйнөгө келген перзенттер жакшы дем ала албай, жүрөгү начар иштегендиктен көп профилдүү медициналык борбордо ак халатчандардын көзөмөлүндө болчу.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Өзбекстанда июнь айынын соңунда төрөлгөн эки баштуу сиам эгиздер чарчап калышты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып жазып чыкты.

Мекеменин маалыматына ылайык, өзгөчө эгиздер 27-июнда жарык дүйнөгө келип, салмагы 4,6 килограмм, бою 48 сантиметр эле.

Самаркандда сейрек кездешкен сиам эгиздери жарыкка келди. Видео

Изилдөөдөн кийин анын эки өтү бар экени, калган органдарды кадимки адамдыкындай эле жетилгени анык болгон. Жарык дүйнөгө келген перзенттер жакшы дем ала албай, жүрөгү начар иштегендиктен көп профилдүү медициналык борбордо ак халатчандардын көзөмөлүндө эле.

Жергиликтүү басылмалардын бири сиам эгиздин энеси ымыркайлардын кемтиги бар экенин үч айлык боюнда бар кезинде эле билгенин жазып чыгышты. Ага карабай ал төрөөнү чечкен.

Дарыгерлердин пикиринде, сиам эгиздеринин пайда болушуна гендик мутациялар себеп болгон.

178
Белгилер:
медицина, сиам эгиздери, Өзбекстан
Тема боюнча
Бангладеште бир баштуу сиам эгиздерин операцияга даярдашууда. Видео
Бишкекте коронавирустан көз жумган 27 жаштагы келин эгиз төрөгөн. Чоо-жайы
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуу. Архив

Жээнбеков Назарбаевди телефон аркылуу 80 жаш мааракеси менен куттуктады

59
(жаңыланган 13:51 06.07.2020)
Жээнбеков Назарбаевге чың ден соолук, бакыт жана бакубатчылык, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалаган.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын тунгуч ажосу Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин 80 жылдык мааракеси жана Казакстандын борбор калаасынын күнү менен куттуктап, Назарбаевге чың ден соолук, бакыт жана бакубатчылык, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалаган.

Нур-Султанда Елбасы университетинин алдына Назарбаевдин айкели коюлду. Сүрөт

Өлкө башчы Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, жакшы коңшулукту орнотуу жана бекемдөөдөгү жеке салымын дагы бир жолу белгилегени айтылды.

59
Белгилер:
куттуктоо, Нурсултан Назарбаев, Сооронбай Жээнбеков, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Казакстанга 19-июлга чейин күчөтүлгөн карантин киргизилди
Нурсултан Назарбаев коронавирустан айыкты. Элбашынын сейилдеги сүрөтү
Манас эл аралык аэропорту. Архивдик сүрөт

34 жашта эле... "Манас" аэропортунун мурдагы вице-президенти көз жумду

0
(жаңыланган 21:46 07.07.2020)
Аэропорттун мурдагы аткаруучу директору Илим Карыпбековдун айтымында, Даир Токобаев пневмонияга кабылган. Ал 34 жашта болчу.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунун мурдагы вице-президенти Даир Токобаев каза болду. Бул тууралуу анын мурдагы кесиптеши Илим Карыпбеков соцтармак аркылуу кабарлады.

Анын айтымында, Токобаев пневмонияга кабылган. Ал 34 жашта болчу.

Абалы кескин начарлап кеткен. Чыныбай Турсунбеков реанимацияда үзүлгөн

"Даир боорукер, акылдуу, өз ишин мыкты билген кесипкөй адам эле. Артында балдары калды. Ал пневмонияга кабылган. Абдан өкүнүчтүү, абдан! Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам", — деп жазган Карыпбеков.

Илим Карыпбеков өзү "Манас" эл аралык аэропортунда 2014-2015-жылдары аткаруучу директор болуп иштеген.

0
Белгилер:
пневмония, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандыктарды кыйнаган пневмония
Тема боюнча
Депутат Чыныбай Турсунбековдун сөөгү бүгүн жерге берилет
Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова пневмониядан каза болду