Шавкат Мирзиёев кыргыз элине акыл-эстүүлүк каалады

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин принял участие в неформальной встрече глав государств СНГ
Президент РФ В. Путин принял участие в неформальной встрече глав государств СНГ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташуусун талкуулашты.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташуусун талкуулашты.

"Өзбекстандын башчысы кыргыз боордош элине акыл-эстүүлүк, тынчтык жана туруктуулук каалады", — деп айтылат маалыматта.

Мурдагы депутат Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК Өмүрбек Бабанов өлкөгө кайтып келсе эмне болорун айтты
Белгилей кетсек, Атамбаевди милиция кызматкерлери Кой-Таштагы үйүнөн 8-августта кечке жуук кармаган. Анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаеванын айтымында, учурда Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратына алынып келген.

8-августтун кечинде Атамбаевдин тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына чогулуп, Чүй проспектисин тороп алышкан. Укук коргоо органдары чогулган элди күч менен таратууга аракет кылып, катуу үн чыгаруучу граната жана көздөн жаш агыза турчу газды колдонушкан. Атайын даярдыктагы аскерлер 9-августка караган түнү аракеттерин улантты.

Жаңылыктар түрмөгү
0