Тажикстанда ВИЧ жана кургак учуктан дарыланбай жүргөндөр жазаланмай болду

© AP Photo / Ng Han GuanБорьба с туберкулезом в Китае
Борьба с туберкулезом в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инфекциялык дартка чалдыгып, дарылануудан баш тарткандар эми айып пулга жыгылат.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Тажик бийлиги ВИЧ, кургак учук жана башка оор кеселдерден дарылануудан баш тарткан тургундарын жазалоону күчөтөт. Бул тууралуу мыйзам долбоорго таянуу менен Sputnik Тажикстан жазды. 

Документ үстүбүздөгү жылдын августунда күчүнө кирди. Кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, оор дарты тууралуу билип, бирок дарыланбай жүрө бергендер 20дан 30га чейинки эсептик көрсөткүчтүн көлөмүндө айыпка жыгылат.

Белгилей кетсек, бир эсептик көрсөткүч 55 сомониге (400 сомдун тегереги) барабар.

Жаңылыктар түрмөгү
0