Казакстанда эгиздер эки ай айырма менен төрөлдү

© AP Photo / Felipe DanaЭгиз балдар. Архив
Эгиз балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгиздердин бири болгону 850 грамм, экинчиси 2 килограмм 900 грамм салмак менен төрөлгөн.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Казакстандын Уральск шаарынын тургуну Лилия Коновалова эгиз балдарын эки ай айырма менен төрөдү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Лилия биринчи кызы Лияны 24-майда жарык дүйнөгө алып келген.

"Ымыркай ара төрөлүп, башында болгону 850 грамм болчу. Кийин дарыгерлердин жардамы менен салмак кошуп жашап кеткен. Андан кийин 9-августта Лилия операция жолу менен Максим аттуу уулдуу болгон. Анын салмагы 2 килограмм 900 грамм эле", — деп жазылат билдирүүдө.

Азыркы тапта эки наристе тең апасынын жанында, үйүнө чыгарылганы турат. Белгилей кетсек, Лилия эки ай бою дарыгерлердин көзөмөлүндө ооруканада жаткан. Эгиздердин энесинин буга чейин жети жаштагы кызы бар болчу.

Агенттик Казакстанда мындай көрүнүш биринчи жолу катталып жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0