Өзбек спортчусунун видеокайрылуусун эки өлкөнүн министрлери талкуулады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков. Архив
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдо резонанс жараткан кайрылуу боюнча кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Абдулазиз Камилов телефон аркылуу коңшу өлкөнүн спортчусу жасаган видеокайрылууну талкуулашты.

Кой-Таш айылындыгы башаламандык. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК Кыргызстанда башаламандык болот деп аудио тараткан аялды тапты
Эскерте кетсек, 18-августта Ош облусунда кулатуу боюнча эл аралык мелдеш өтүп, ага Өзбекстандан 27 жаштагы Нурсултан Розибоев да катышкан. Турнирдин жыйынтыгына нааразы болгон мушкер Instagram баракчасы аркылуу кыргызстандыктар тууралуу видеокайрылуу жасаган.

Улуттук ар намыска шек келтирген кайрылуу боюнча Ош облустук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин негизинде ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу") сотко чейинки өндүрүшкө алып, иликтөө баштаган. 

Кайрылууга себеп болгон турнирдин уюштуруучулары да чакырылып, өзбек спортчусу Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендиктен иш Минск конвенциясынын алкагында жүргүзүлмөкчү болгон.

Эки министр коомдо резонанс жараткан кайрылууга көңүл буруп, бул маселенин калыс иликтенишин жеке көзөмөлдөрүнө алууну макулдашышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0