Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Согди облусунун Бободжан Гафуров районундагы Боги миллии Вахдата бакчасына барып, жубайы Азизмо Асадуллаева жана неберелери менен мөмө-жемиш чогултту

Рахмон менен жубайы бакчага барып мөмө-жемиш терди. Сейрек сүрөттөр

1690
(жаңыланган 13:43 24.08.2019)
Тажикстандын президенти үй-бүлө мүчөлөрү менен бакчага барган.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Согди облусунун Бободжан Гафуров районундагы "Боги миллии Вахдата" бакчасына барып, жубайы Азизмо Асадуллаева жана неберелери менен мөмө-жемиш чогултту. Бул туурасында Sputnik Тажикстан мамлекет башчынын маалымат кызматына таянуу менен жазды.

  • Президент Таджикистана Эмомали Рахмон в Бободжон Гафуровском районе Согдийской области вместе с супругой и внуками собрал фрукты Боги миллии Вахдата
    Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Согди облусунун Бободжан Гафуров районундагы "Боги миллии Вахдата" бакчасына барып, жубайы Азизмо Асадуллаева жана неберелери менен мөмө-жемиш чогултту
    © Фото / пресс-служба президента Таджикистана
  • Президент Таджикистана Эмомали Рахмон в Бободжон Гафуровском районе Согдийской области вместе с супругой и внуками собрал фрукты Боги миллии Вахдата
    Рахмон жана анын үй-бүлөсү улуттук бакчанын быйылкы түшүмүн көрүп, мөмө-жемиштердин көргөзмөсүнө күбө болгон
    © Фото / пресс-служба президента Таджикистана
  • Президент Таджикистана Эмомали Рахмон в Бободжон Гафуровском районе Согдийской области вместе с супругой и внуками собрал фрукты Боги миллии Вахдата
    Анда алма, шабдалы, алмурут, анжир, кара өрүк, пияз, калемпир, помидор, бадыраң, ашкабак, дарбыз жана коон сыяктуу мөмө-жемиштердин алдыңкы сорттору коюлган
    © Фото / пресс-служба президента Таджикистана
  • Президент Таджикистана Эмомали Рахмон в Бободжон Гафуровском районе Согдийской области вместе с супругой и внуками собрал фрукты Боги миллии Вахдата
    Андан соң Рахмон менен канайым үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу алма жана кара өрүк теришкен
    © Фото / пресс-служба президента Таджикистана
  • Президент Таджикистана Эмомали Рахмон в Бободжон Гафуровском районе Согдийской области вместе с супругой и внуками собрал фрукты Боги миллии Вахдата
    Аталган бакчанын аянты 631 гектарды түзөт. Анын 364 гектарына өрүк, 48 гектарына шабдалы, 35 гектарына алма, 5 гектарына алча тигилген.
    © Фото / пресс-служба президента Таджикистана
1 / 5
© Фото / пресс-служба президента Таджикистана
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Согди облусунун Бободжан Гафуров районундагы "Боги миллии Вахдата" бакчасына барып, жубайы Азизмо Асадуллаева жана неберелери менен мөмө-жемиш чогултту

Рахмон жана анын үй-бүлөсү улуттук бакчанын быйылкы түшүмүн көрүп, мөмө-жемиштердин көргөзмөсүнө күбө болгон. Анда алма, шабдалы, алмурут, анжир, кара өрүк, пияз, калемпир, помидор, бадыраң, ашкабак, дарбыз жана коон сыяктуу мөмө-жемиштердин алдыңкы сорттору коюлган.

Андан соң Рахмон менен канайым үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу алма жана кара өрүк теришкен.

Аталган бакчанын аянты 631 гектарды түзөт. Анын 364 гектарына өрүк, 48 гектарына шабдалы, 35 гектарына алма, 5 гектарына алча тигилген. Ал эми кара өрүк менен жүзүмгө 12 жана 10 гектар жер бөлүнгөн.

Тажикстандын мамлекет башчысы андан ары бакчада жайгашкан балык багуучу үч көлмө менен таанышкан. Ошондой эле ал улуттук бакчадагы кара өрүктү жыйноого старт берген.

Бакчанын ичинде мөмө-жемиштерди сактай турчу 300 тоннага ылайык муздаткыч имарат бар. Ал мөмөлөрдү жакшы сапатта сактап, сатууга шарт түзөт.

1690
Белгилер:
мөмө-жемиштер, жубайлар, Эмомали Рахмон, Тажикстан
Тема боюнча
КМШ өлкөлөрүнүн канайымдары эмне иш кылат
Кайнатанын батасын алган келин. Жээнбековдун жубайы Айгүл Токоева жөнүндө 8 факты
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанга барды

137
(жаңыланган 19:54 28.10.2020)
Жумушчу сапардын алкагында Руслан Казакбаев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана кесиптеши Мухтар Тлеуберди менен жолугат.

БИШКЕК, 28-окт. – Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн, 28-октябрда, Казакстанга жумушчу сапары менен барды.

Сапардын алкагында Руслан Казакбаевдин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана кесиптеши Мухтар Тлеуберди менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Мындан сырткары, Казакбаев Казакстандын бир катар мамлекеттик органдарынын жана коммерциялык уюмдарынын жетекчилери менен баарлашат.

“Эки тараптуу жолугушуу учурунда саясат, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, коопсуздук сферасы жана башка кызыкчылыктар талкууланат”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Руслан Казакбаев Россияга барып кесиптеши Сергей Лавров менен баарлашкан.

137
Белгилер:
Тышкы иштер министрлиги, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Өкмөт Россиядан COVID-19га каршы вакцинаны алып келүү шартын караштырууда
ТИМ жетекчиси Казакбаев: өлкөдөгү башаламандыкка сырткы күчтөр да аралашты
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архивдик сүрөт

Кытай ЕАЭБ менен соода-сатыкты күчөтүүгө даяр экенин билдирди

77
(жаңыланган 16:17 27.10.2020)
Кытай аткаминеринин айтымында, КЭР Евразия регионунун гүлдөгөн келечеги үчүн ЕАЭБдин бардык мамлекеттери менен иштешүүгө макул.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кытай ЕАЭБ менен соода-сатык иштерин мындан дагы кеңейтүүгө даяр. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын коммерция министринин орун басары Ван Шоувэнь билдирди.

Ал "Евразия экономикалык бирикмеси менен "Бир алкак — бир жол" долбоорунун байланышы" видеофорумунда сүйлөдү. Шоувэндин билдирүүсү форумдун Telegram-каналына жарыяланды. 

"Кытай ЕАЭБ мамлекеттери менен эки тараптуу соода-сатык иштерин жүргүзүүгө кызыкдар. Ошондой эле эки жактуу инвестиция, өндүрүш, курулуш, инфраструктура, кызмат көрсөтүү тармактарында алаканы күчөтүү керек", — деди Шоувэнь.

Сазыков: маркалоонун максаты — ЕАЭБге товарды тоскоолдуксуз экспорттоо

Анын пикиринде, бул нерсе Кытай — Европа алкагынын ролун бекемдейт. Кытай — Европа темир жол долбоорунун институттук механизмин киргизүү жолун талкуулап, бардык тараптардын ыңгайына карап иш баштоо зарыл.

Ошондой эле ал Кытай Евразия регионунун гүлдөгөн келечеги үчүн ЕАЭБдин бардык мамлекеттери менен иштешүүгө каршы эмес экенин кошумчалады.

77
Белгилер:
соода, экономика, Кытай, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
ЕЭК: мамлекеттер өзү менен өзү боло берсе, экономикасы чоң жоготууга учурайт
Министр: ЕАЭБ өлкөлөрү бир катар товарлардын экспортун көбөйттү
Министрлер ЕАЭБ менен Кытай кызматташтыгын талкуулайт
ӨКМ кызматкерлери. Архив

Токмоктун базарында чыккан өрттү толугу менен өчүрүштү

0
(жаңыланган 00:07 29.10.2020)
Токмоктун базарындагы дүкөндөн чыккан жалынды өрт өчүрүүчүлөр болжол менен эки сааттан ашык алышып жатып өчүрүшкөн.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Токмоктогу "Булак" базарынын аймагында чыккан өрттү үч бригада өчүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тилсиз жоо алгач чектөөгө алынып, андан кийин толугу менен саат 23:29да өчүрүлдү", — деп билдирди маалымат кызматы.

Эске салсак, ӨКМге Токмок шаарынын базарындагы дүкөндөрдүн биринен чыккан тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткени кабарланган.

0
Белгилер:
видео, өрт, базар, Токмок, Кыргызстан
Тема боюнча
Ош шаарындагы өрт: эки киши ооруканага түштү