Эми Өзбекстанда үй оокатын кылбаган эркектер жоопко тартылат. Жаңы мыйзам

© AP Photo / Anvar IlyasovБийлеп жаткан өзбек кыздар. Архив
Бийлеп жаткан өзбек кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамдын негизги максаты — аялдарды тиричиликте жана кызмат ордунда ар кандай зомбулуктардан жана кемсинтүүлөрдөн коргоо.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кечээ, 23-августта, өзбек парламенти "Эркектердин жана аялдардын тең укуктуулугуна кепилдик тууралуу" мыйзамды жактырды. Бул жөнүндө Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Документ мындан ары аял-эркегине карабай бардык жарандардын үй тиричилигинен тарта кызматка орношууга чейинки укугунун тең болушун камсыз кылмакчы.

Мисалы, мамлекеттик кызматка орношуу маалында, айрым учурларда болуп келгендей, эркектерге эмес, билими жана иш тажрыйбасы жетиштүү талапкерге артыкчылык берилет.

Ошондой эле баланы камсыздоо, тарбия берүү жана багууга жубайлардын экөө тең бирдей милдеттүү болот.

"Мисалы, үй жумуштарын бир гана аял киши жасайт деген түшүнүк жоголуп, милдеттер жубайларга бирдей бөлүштүрүлөт", — деп жазылат макалада.

Замдиректора Агентства информации и массовых коммуникаций при администрации президента РУз Саида Мирзиёева - Sputnik Кыргызстан
Саида Мирзиёева журналист менен блогерлерди кантип коргорун айтты
Жынысына карап кемсинтүүгө учураган жарандар түздөн-түз сотко кайрыла алат. Кызыгы, мындай арыздануулар менен баргандар сотко мамлекеттик пошлинаны төлөбөстөн эле арыз жазса болот.

Мыйзамдын негизги максаты — аялдарды тиричиликте жана кызмат ордунда ар кандай зомбулуктардан жана кемсинтүүлөрдөн коргоо.

Эми документке президенттин кол коюсу күтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0