Шавкат Мирзиёевди мындан ары улуттук коопсуздук кызматы кайтарбай турган болду

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбек лидеринин коопсуздугун камсыздай турган жаңы кызмат түзүлдү.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди кайтара турган жаңы кызмат түзүлдү. Аталышы — Президенттин коопсуздугу боюнча мамлекеттик кызмат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Мурда бул милдетти Улуттук коопсуздук комитети аткарчу.

"Жаңы ведомство бир гана өлкө башчыны кайтарбастан, анын үй-бүлө мүчөлөрүн жана Өзбекстанга расмий иш сапары менен келген башка өлкөлөрдүн президенттеринин коопсуздугун карамакчы. Ошондой эле алардын көзөмөлүндө Мирзиёев дайыма иштеген жана убактылуу барган объектилер болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган кызмат президенттин токтому менен 2018-жылдын 21-февралында түзүлө баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0