Түгөйлөр. Архивдик сүрөт

Казакстандын 82 жаштагы эл артисти өзүнөн 45 жаш кичүү аялга үйлөндү. Видео

23352
(жаңыланган 17:33 27.08.2019)
Эркек кишинин биринчи жубайынан беш кызы бар.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Казакстандын 82 жаштагы эл артисти Нургали Нусипжанов өзүнөн 45 жаш кичүү Жадыра Сейдеш аттуу журналистке үйлөндү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Маалыматка караганда, келин 37 жашта.

"Мен сиздин таза жүрөгүңүздү бааладым. Ар дайым ден соолукта болуңуз, мен дагы саламаттыгыңыз үчүн бардык күчүмдү жумшайм. Сиздин курагыңызда балалуу болуунун эмнеси жаман экен? Жакшы адамдын артында туяк калышы керек. Келечекте үй-бүлөбүздө наристе пайда болот деп үмүттөнөм", — деп келин тоюнда сөз сүйлөгөн.

Белгилей кетсек, Нургали Нусипжанов 1937-жылы 5-январда төрөлгөн. Ал Казакстандын эл артисти, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Жургенов атындагы Казак улуттук искусство академиясында мугалим, ошондой эле "Курмет" орденинин кавалери. Биринчи жубайынан беш кызы бар.

Ал эми Жадыра Сейдеш 37 жашта. Ал КТК телеканалында журналист болуп эмгектенет.

23352
Белгилер:
журналист, той, үлпөт, артист, Казакстан
Тема боюнча
Түгөйүң көзүңө чөп салып жүргөнүн оңой эле байкоого болот. Иликтөө
Эркек кандай учурда ала жипти аттайт? Жаңы иликтөө
Кыргыз-кытай чек арасындагы Эркечтам өткөрүү пункту. Архив

Кытай 3-декабрдан тарта Кыргызстанга көбүрөөк жүк ташууга уруксат берди

101
(жаңыланган 22:55 01.12.2020)
Кытай эртеңден баштап жүк ташыган автоунаалардын санын болжол менен суткасына 30га чейин көбөйтүүгө даяр. Каттамдар күн сайын жүргүзүлүп турат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

  • Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду
    Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң Эркечтам жана Торугарт көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган
    Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң "Эркечтам" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 2
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду

Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң "Эркечтам" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган. Анын жыйынтыгы менен кытай тарап жумуш убактысын 8ден 12 саатка чейин көбөйтүү, ошондой эле өткөрмө пунктун дем алышсыз иштөө режимине өткөрүүнү сунуштаган.

"Жүк ташыган автоунаалардын саны болжол менен суткасына 30га көбөйөт. Элчи "Эркечтам" өткөрмө пунктундагы инфраструктураны жакшыртуу, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кытай тарап эки кампа куруу, контейнер үчүн кран орнотуу тууралуу чечимин кабыл алгандыгын кабарлады", — деп айтылат маалыматта.

Новиков маселе ыкчам чечилгени үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз өкмөтү кытай тараптын көзөмөл-өткөрүү пунктуларын жакшыртуу максатында кабыл алынып жаткан бардык аракеттерин колдоого алууга даяр экендигин белгилеген.

Жыйынтыгында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Бажы кызматына, УКМКнын Чек ара кызматына өткөрмө бекеттерди кытай тарап менен биргелешип иштөө режимине өткөрүү тапшырмасын берди.

101
Белгилер:
автоунаа, пункт, өткөрмө, Кыргызстан, Кытай
Тема боюнча
Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" өткөрмө бекети убактылуу жабылды
Министр Казакбаев КРдеги кытайлык ишкерлер менен жолукту. Эмне талкууланды
Бишкектеги темир жол бекетиндеги поезд. Архив

Кыргызстан Казакстан Россия темир жол каттамдарынын графиги түзүлдү

363
(жаңыланган 15:36 27.11.2020)
Эгер Республикалык штаб тийиштүү алгоритмдин негизинде иш алып барууга уруксат бере турган болсо өлкөдөгү ички каттамдар дагы жанданат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстан Россия жана Казакстандын темир жол администрациялары менен биргеликте 2021-жылдагы эл аралык каттамдарынын графигин түздү. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашты.

Ага ылайык поезддер төмөнкү график боюнча катташат:

  • Бишкек — Москва каттамы, жумасына эки ирет;
  • Бишкек — Казань каттамы, жумасына бир жолу;
  • Бишкек — Новосибирск — сегиз күндө бир жолу.
"Поезддер бул график боюнча коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөр үч өлкөдө тең алынгандан кийин каттай баштайт", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ишкана эгер Республикалык штаб тийиштүү алгоритмдин негизинде иш алып барууга уруксат бере турган болсо Бишкек — Кайыңды, Бишкек — Кара-Балта, Бишкек — Токмок ички каттамдарын дагы жанданта турганын кабарлады.

Эске салсак, эл аралык темир жол каттамдары 2020-жылдын 17-мартында убактылуу токтотулган. Ал эми ички каттамдарга 25-мартта чектөө киргизилген.

363
Белгилер:
билет, пандемия, алгоритм, Казакстан, Кыргызстан, Россия, темир жол
Тема боюнча
Кыргызстандын авиакомпаниялары Европа биримдигинин кара тизмесинен качан чыгат
Балбандар күрөш убагында. Архивдик сүрөт

Эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогуна катышчу балбандар. Тизме

0
Агенттик спортчулардын жол киреси, тамак-ашы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан каржыланарын белгиледи.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогуна катыша турчу балбандардын тизмесин жарыялады.

Буга чейин агенттик спорттук иш-чарага барчу кыз-келиндердин аты-жөнүн айткан болчу.

Дүйнө кубогу 12-18-декабрь күндөрү Белград шаарында (Сербия) өтөт.

Грек-рим күрөшү боюнча команданын курамы:

  • Балбай Дордоков, салмактык категориясы – 55 кг;
  • Жоламан Шаршенбеков – 60 кг;
  • Калы Сулайманов – 63 кг;
  • Халмурат Ибрагимов – 67 кг;
  • Руслан Царев – 72 кг;
  • Акжол Махмудов – 77 кг;
  • Кайрат Түгөлбаев – 82 кг;
  • Атабек Азизбеков – 87 кг;
  • Үзүр Жусупбеков – 97;
  • Улукбек Карачолоков – ага машыктыруучу;
  • Азат Эркимбаев – башкы машыктыруучу.

Эркин күрөш боюнча команданын курамы:

  • Бекболот Мырзаназар уулу, салмактык категориясы – 57 кг;
  • Улукбек Жолдошбеков – 61 кг;
  • Эрназар Акматалиев – 65 кг;
  • Ислам Орозбеков – 70 кг;
  • Саякбай Усупов – 74 кг;
  • Арслан Будажапов – 79 кг;
  • Сүймөнкул Таабалды уулу – ага машыктыруучу;
  • Руслан Маджинов – башкы машыктыруучу.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдеш 10-16-декабрь күндөрү, эркин күрөш 15-декабрдан 20-декабрга чейин созула турганы айтылды. Ал эми кыз-келиндердики 12-декабрда башталып, 18-декабрда жыйынтыкталат.

Агенттик спортчулардын жол киреси, тамак-ашы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан каржыланарын белгиледи.

0
Белгилер:
мелдеш, спорт, тизме, балбан, күрөш
Тема боюнча
Улуттук банк "Кыргыз күрөш" коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарат