Токаев Казакстанда митинг өткөрүүгө уруксат кылууга тапшырма берди

Жазылуу
Казакстандын президенти «эгерде митингдер башка жарандардын тынчын албаса, өткөрүлө берсе болот» деп эсептерин айтты.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстанда митинг өткөрүүгө уруксат кылууга тапшырма берди. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

"Эгерде тынч акциялар тынчтык ниетте уюштурулса, башкалардын тынчын алып мыйзамды бузбаса, анда кепке келип, ал иш-чараны өткөрүүгө уруксат кылуу керек", — деген ал өзүнүн биринчи кайрылуусунда.

Эскерте кетсек, Казакстанда жай айында бир катар митингдер өткөн. Алардын эсте калганы - өлкөдө президенттик шайлоо өтүп жаткандагы нааразылык болгон.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0